Башкы беткеСпорт жана туризмСпортКыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатында 5-орунду ээледи

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө чемпионатында 5-орунду ээледи

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты (экинчи дивизион, В тобу) мелдешинде 5-орунду ээледи.

Турнир 6–12-апрель күндөрү София шаарында өтүп, ага алты команда катышкан. Командалар бир айлампа форматында беттеш өткөрүштү.

Кыргызстан курамасы беш оюн өткөрүп, жыйынтыгында 4 упай топтоп, турнирдик таблицада 5-орунга жайгашты.

Акыркы турда Жаңы Зеландия командасына каршы оюн өзгөчө курч мүнөздө өттү. Кыргызстандык хоккейчилер биринчи периоддо 3:0 эсебинде алдыга чыгып, бирок оюнду сактап кала албай, 4:5 эсебинде жеңилип калышты.

Белгилей кетсек, бул беттешке чейин курама командада коло медаль утуп алуу мүмкүнчүлүгү да, ошондой эле акыркы 6-орунга түшүп калуу коркунучу да бар болчу.

Турнирдин жыйынтыгында чемпион наамын Израиль курамасы жеңип алса, экинчи орунду Жаңы Зеландия, үчүнчү орунду Исландия ээледи.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар