Башкы беткеМаанилүүЖККУ: Регионалдык коопсуздуктун көйгөйлөрү жана келечектеги багыттар

ЖККУ: Регионалдык коопсуздуктун көйгөйлөрү жана келечектеги багыттар

Бишкекте өтүп жаткан ЖККУнун ПА кеңешинин көчмө жыйынында уюмдун баш катчысы дүйнөлүк жана регионалдык коопсуздук боюнча маанилүү маселелерди көтөрдү.

▪️ АКШ менен Россиянын диалогуна үмүт бар
Эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кайра жанданышы Евразия чөлкөмүндөгү, анын ичинде ЖККУга тиешелүү аймактардагы чыңалган кырдаалдарды жөнгө салууга өбөлгө түзөрү шексиз.

▪️ Пакистан менен Индиянын ортосунда чыңалуу күч бойдон калууда
Бул маселеде жаңжалдын өрчүш ыктымалдыгы жогору экени белгиленди. Баш катчы мындай кырдаалда бардык мүмкүн болгон ыкмаларды колдонуп, чыңалууну басуу маанилүү экенин билдирди.

▪️ Кавказда оң жылыштар байкалууда
Армения менен Азербайжандын Түштүк Кавказда тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууга багытталган аракеттери үмүт жаратат. Жакынкы мезгилде тынчтык келишимине кол коюлат деп күтүлүүдө.

▪️ Астана саммити – коопсуздук системасын өркүндөтүүнүн сигналы
ЖККУнун Астанада өткөн саммити жамааттык коопсуздук системасын заманбап шарттарга ылайыктап жаңылоонун зарылдыгын дагы бир жолу баса белгиледи.

 

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар