Башкы беткеМаанилүү«Муну саботаж катары бааласа болот», - Адылбек Касымалиев аткаминерлерди сындады

«Муну саботаж катары бааласа болот», — Адылбек Касымалиев аткаминерлерди сындады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аткаминерлердин иш кагаздары менен жай иштегенин сындады. Ал мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик башчыларына электрондук тутумдагы документтер менен иштөөнү тездетүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы келип түшкөн кат-кабарларды иштеп чыгуу ылдамдыгы төмөн бөлүмдөрдү белгилеген. Ага ылайык, Кемин, Нарын, Сокулук жана Өзгөн райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары, Ленин районунун муниципалдык администрациялары, ошондой эле тышкы иштер министри бир сааттын ичинде 20дан бир гана документти карап чыгышат.

«Президенттин иштөө ыргагын билесиздер. Азыркы шарттарда процесстерди басаңдатуу жол берилгис нерсе – бул саботаж катары каралышы мүмкүн. Келечекте негизсиз создуктурууга жол бербегиле, келип түшкөн документтерди тез арада аткаргыла»,

— деп баса белгилеген Касымалиев.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар