Башкы беткеРубрикаларАймактарЫсык-Көлдө 200 үй-бүлөгө саан уй жана торпок берилди

Ысык-Көлдө 200 үй-бүлөгө саан уй жана торпок берилди

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп райондорунда жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 200 баш музоолуу саан уй менен кайтарымсыз негизде камсыздалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, мш-чарага министрдин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова катышты. Демилге «Кумтор Голд Компани» тарабынан ишке ашырылды.

Жалпысынан 200 үй-бүлө ушул жардамды алды. Алардын ичинен 85 үй-бүлө мамлекеттик жөлөкпул алат:

  • Түп районунан — 61 үй-бүлө

  • Ак-Суу районунан — 24 үй-бүлө

Бул демилге мамлекеттик социалдык контракт механизми менен айкалышып, жакырчылыкты азайтуу жана калктын жыргалчылыгын жогорулатуу максатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ийгиликтүү мисалы катары белгиленген.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар