Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев борбор калаадагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакка барып, анын учурдагы абалы менен таанышты.
Бактын жетекчилиги менен болгон жолугушууда мурда аткарылган иштер, көйгөйлөр жана бакты өнүктүрүү боюнча сунуштар талкууланды. Алдын ала баалоолорго ылайык, бакты толук реконструкциялоого 340 млн сом талап кылынары аныкталды.
Реконструкция иштерине жолдорду жана сугат системасын калыбына келтирүү, жөө жүргүнчүлөр зонасын көрктөндүрүү, дренаж жана суу менен камсыздоо тармагын жаңылоо, ошондой эле сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн коллекцияларын толуктоо кирет.
Адылбек Касымалиев Ботаникалык бактын борбор калаа үчүн гана эмес, өлкөнүн илимий жана экологиялык коопсуздугу үчүн да маанилүү объект экенин баса белгиледи. Ал жашыл аймактарды көбөйтүү шаар экологиясын жакшыртып, жарандар үчүн ыңгайлуу чөйрө түзөрүн айтты.
Жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорду этап-этабы менен ишке ашыруу жана каржылоо маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

