whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
22.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаМал кадырын билбеген ачка калат

Мал кадырын билбеген ачка калат

Кыргыз Республикасынын экономикасын изилдеген эл аралык аналитикалык уюмдардын белгилешинче, акыркы мезгилдерде өсүү темпи мурункуга салыштырмалуу кыйла жогору. Коомдо болуп жаткан экономикалык, социалдык өзгөрүүлөрдү өлкөнүн жарандары сезип, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгүнө туура баа берилүүдө. Экономиканын кайсыл тармагын албайлы, өнүгүүгө тоскоол болгон көйгөйлөр аныкталып, аларды чечүү жана жоюу маселелери бийликтин эрктүүлүгү жана чечкиндүүлүгү менен коштолуп, көптөгөн иштер жасалды.

Зоотехник, зооинженер адистерин унуттук

Дүйнө жүзүндө “тамак-аш коопсуздугу” көйгөйү күн тартибинде биринчи орунга чыкты. Азыркы мезгилде дүйнөдөгү 8 млрд. элдин дээрлик 10% ачка, тамак-ашка жетпей күн көрүүдө. Дүйнөлүк коомчулук, айыл чарба адис-тери, окумуштуулар жыл сайын азык-түлүккө болгон тартыштыкты жоюу маселесин чечүү менен алек, себеби, өсүмдүктөн алынуучу продукциянын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу, малдын эттүүлүгүн, саан уйлардын сүттүүлүгүн арттыруу, ден соолугун чыңдоо күн сайын иш-чараларды уюштуруу менен коштолушу керек.

Айыл чарбасында, өзгөчө мал чарбасындагы иштеген адистер 24 саат бою, башкача айтканда, жыл бою иш алып барышы керек. Себеби, дыйканчылыкта иштешкен адистер жана окумуштуулар, жаздан күзгө чейин, үрөн себилгенден жыйым-терим бүткөнгө чейин иш алып барышса, мал чарба адиси жыл бою иш алып барат. Малды күндүр-түндүр карап, багыш керек, тоют даярдаш керек, короо-сарайлар талапка ылайык болуш керек, төл алууну пландап, малдын арасынан мыкты малды тандоо керек.

Айыл жергесинде, акыркы 30 жылда, мал чарбасы боюнча атайын адис калбай калган (ветеринардык врачты албаганда). Колхоз, совхоз бар кезде эң керектүү адис – зоотехник болгон. Азыр, айыл жергесинде мектепке – мугалим, ооруканага – врач кандай керек болсо, мал чарбасына зоотехник, зооинженер ошондой эле керек болуп турган чак. Мал чарбасынын экономикадагы орду өтө маанилүү экендиги Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеш, Министрлер Кабинети тарабынан дайыма баса белгиленип келет. Мал чарбасында – “Сандан-сапатка өтөлү” деген демилге абдан туура жана актуалдуу болуп турат.

Малдын санына жараша тоют аянты болуш керек

Статистикалык маалыматка кайрылсак, 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы бардык мамлекеттик, жеке менчик чарбаларда: 1802,3 миң бодо мал, анын ичинде 902,2 миң саан уй, 6216,1 миң кой, анын ичинде 4382,1 миң соолук кой, 542,5 миң жылкы, анын ичинде  304,1 миң бээ бар.

Мисал катары уй чарбасындагы абалга анализ кылсак, өлкө боюнча 41 асыл тукум чарба бар, ал жерде болгону 9295 асыл-тукум бодо мал катталган, бул жалпы бодо малдын 0,51% түзөт.

Кыргызстан боюнча ар бир уйдан орто эсеп менен 2022,0 литр сүт саап алынат, башкача айтканда, күнүгө 6-7 литрден сүт саалып алынат. Фермерлердин 1 саан уйдан алган күнүмдүк кирешеси 180-210 сом, бир айда болжол менен 6000 сом. Ал эми чыгашасы алган кирешесинен көп, чыгашасын фермерлер эсепке алышпайт  же жөнөкөй бухгалтердик эсепти жүргүзгөндү билишпейт. Малды бордоо боюнча дагы фермерлер чыгашаны этти сатуудан алган  кирешеси жаппай калды деген маалыматтар бар. Ошондуктан тоют базасын туура, илимий жактан негизделген норма менен түзүү жана туура пайдалануу  керек. Малдын санына жараша тоют аянты болуш керек, дайыма эле тоютту сатып алуу бардык эле фермердин колунан келбейт.

Селекция – узак мезгилде жүзөгө аша турган иш

Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда ар бир уйдан 6000 литрден сүт саап алган чарбалар бар. Мындай жетишкендик ал жерде иштешкен тажрыйбалуу зоотехник-селекционерлердин иштеринин жыйынтыгы. Башка өлкөлөрдө 10 000, 15 000 литр-ден сүт саап алууга жетишишти. Экономисттердин эсептөөсү боюнча, качан ар бир уйдан 8000 литрден сүт саап алганда гана, сүт өндүрүү кирешелүү болорун белгилешүүдө. Мындай жетишкендиктер зооинженер адистердин селекцияны так уюштуруу жана жүргүзүүнүн жыйынтыгы. Селекция өтө дыкат, так жана тынымсыз узак мезгилде ишке аша турган иш.  Мисалы, Кыргызстанда чыгарылган уйлардын, койлордун породаларына 30-40 жыл талап кылынган. Тилекке каршы, акыркы мезгилде бул иштер солгундап, селекция  иштери массалык түрдө колдонулбай келет, анын кесепетинен малдын сапаты начарлады.

Мындай жагдайлардын негизги себептери:

фермерлерге  маалымат жана кеңеш бере турган жогорку квалификациялуу мал чарба адистери айыл жеринде жок; айыл өкмөтүнүн курамында мал чарбасы боюнча бир эле штат каралган, ал штатка ветеринардык адис иштейт;

райондун деңгээлиндеги райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгында (РУАР) зоотехник адистиги боюнча адис жокко эсе;  айыл жергесиндеги жашаган калк, мектеп окуучулары мал чарба адиси – зооинженер ким экенин, ал кандай иш алып барарын унутуп калышкан;

Мал жеке менчикте болгонуна байланыштуу, фермерлер менен мал чарбасындагы көйгөйлөрдү чечүү, кеңеш берүү өтө татаал, аларды көбүнчө каржылоо, субсидия ж.б. кызыктырат.

Малдын сүтүн көбөйтүү, эттүүлүгүн   жогорулатуунун бирден-бир жолу – бул селекция илимине таянуу менен малды асылдандыруу иштерин уюштуруу. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, селекция жана малды асылдандыруу иштеринде санариптик технологияларды колдонуу, малдын асылдуулугун, сүттүүлүгүн кыска мөөнөттө жогорулатууга шарт түзө турган жалгыз ыкма болуп калды. Жасалма интеллект, жана башка маалымат технологиялары, геномдук селекция өнүккөн өлкөлөрдө күнүмдүк ишке айланды.

Мал чарбасындагы селекциянын бир өзгөчөлүгү, мисалы, уй чарбасында, бир муун алмашуу жок дегенде 4 жылды талап кылат. Малдын асылдуулугун жогорулатуу үчүн жок дегенде 2 же 3 – муундагы малды алыш керек. Бул бери дегенде 8-10 жылды талап кылат. Ошол мезгилдин ичиндеги маалыматтын бардыгын бир электрондук базада сакталып турушу керек жана зоотехниктер тынымсыз аны көзөмөлдөшү абзел. Геномдук селекция, музоо туулар замат анын геномун аныктап берет, жакшы музоо болсо аны багат, геному начар музоо этке бордоого кетет. Ушундай иштерди жүргүзүү үчүн мыкты адистер керек.

Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги тарабынан жакшы иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыттарды жакшыртуу жана рационалдуу пайдалануу боюнча программалар кабыл алынууда.

Кыргыз улуттук агрардык университетинде мал чарбасынын өнүгүүсүнө салым кошуп келген окумуштуулар, адистер,  төмөндөгүдөй сунуштар менен тийиштүү адистерге кайрылат.

Жаш кадрларды даярдабасак эртең кеч болуп калат

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде жогорку квалификациядагы – зооинженер адистерин даярдоонун окуу-методикалык, материалдык-техникалык базасын чыңдоо өтө маанилүү. Студенттер заманбап технологиялар менен жабдылган  кичи мал чарба  фермасына муктаж. Себеби, студенттер практикалык сабактарды өтүүгө, эксперименттерди жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү жок, жеке чарбалар эпизоотиялык абалдарга байланыштуу өздөрүнүн чарбасына киргизпейт, билим берүү теориялык негизде болуп жатат.

Өндүрүштү санариптештирүү – мезгил талабы. Университеттин 2 кафедрасынын окумуштуулары мал чарбасындагы асылдандыруу иштерин санариптештирүү боюнча илимий иштерди 3 жылдан бери жүргүзүп келе жатышат. Бул долбоорду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги каржылап келет. Долбоордун негизинде кичине болсо дагы уй чарбасын санариптештирүүнүн материалдык базасы түзүлүп, окумуштуулар санариптик платформаны түзүү иштери менен алектенип жатышат. Жасалып жаткан платформа эл аралык талаптарга жооп берет. Университеттин базасында мал чарбасын санариптештирүү жана мал чарбасындагы селекцияны, асылдандыруу иштерин уюштуруу боюнча борборду түзүү жана аны каржылоо маселесин чечүү мезгилдин талабы болуп турат. Бул борбор селекция иштерин уюштуруп, ошол эле мезгилде жаш адистерди санариптик  технологияларга окутууга, жаш илимпоздордун илимий иштерин жаңы технологиялар аркылуу сапаттуу жүргүзүүгө шарт түзүлөт эле (бакалавр, магистр, аспирант, докторант).

Бул борбордун ишмердүүлүгү төмөн­дөгүдөй болот. Кыргызстандагы асыл тукум бодо малдар, түзүлүп жаткан платформадагы базага киргизилип, борбордун адистери алардын генеалогиясын (тегин) жана генотибин аныктап, малдын ээсине тийиштүү сунуштарды берүү. Мисалы, кайсы буканын уругу менен фермердин уюн уруктандырса болорун борбордун адистери сунуштайт. Ошол эле мезгилде, келишимдин жана тийиштүү инструкциянын негизинде, эксперттер белгиленген мөөнөттөрдө фермерлердин малын мониторингден өткөрүп турмак.

Албетте, Кыргызстанда биринчи кезекте чече турган көйгөйлөр бар, бирок 30 жылдан ашык каралбай калган мал чарбасынын жалпы акыбалы тамак – аш коопсуздугун камсыз кылуу программасын кооптуу жагдайга алып келиши мүмкүн. Эгерде бул маселеге азыр киришпесек, жаш кадрларды өстүрүп тарбиялабасак, Кыргызстандагы мал чарбасы эң жаман акыбалга түшүп, мал чарбасынан азык өндүрүү чоң масштабдагы көйгөйгө айланып кетиши мүмкүн. Себеби, жогорку квалификациялуу адистердин саны азайып бара жатат, жана бир нече жылдан кийин зооинженерлер, малды асылдандыруу боюнча адистер калбай калышы мүмкүн, чечкиндүү кадамдарга баруу мезгили келди.

И.Ж. АЛЫКЕЕВ,  К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин доценти, айыл чарба илимдеринин кандидаты

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар