Башкы беткеСаясат жана коомКоомГлобалдык чакырыктар: Кыргызстан эл аралык диалогго жигердүү катышууда

Глобалдык чакырыктар: Кыргызстан эл аралык диалогго жигердүү катышууда

Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Москва шаарында өткөн коопсуздук маселелерин тескеген жогорку өкүлдөрдүн XIII жыйынына катышты.

Маалыматка ылайык, 27-29-май күндөрү өткөн иш-чарага чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан 126 делегация катышты.

Анда Глобалдык Түштүк жана Чыгыш мамлекеттери үчүн азыркы чакырыктардын жана учурда бар мүмкүнчүлүктөрдүн контекстинде бирдей жана бөлүнгүс коопсуздук архитектурасын түзүү маселелери талкууланды.

Бактыбек Бекболотов өз сөзүндө Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттарынын катарына салттуу жана жаңы коркунучтарга каршы туруу боюнча түйүндүү маселелерди чечүүдө өнөктөштөр менен бирдиктүү ыкмаларды табуу, ошондой эле аларга каршы алдын алуу жана жооп кайтаруу чараларын иштеп чыгуу, БУУ менен жигердүү өз ара аракеттенүү жана бул жаатта достош интеграциялык бирикмелердин ар кандай форматтарында иш алып баруу кирерин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында ШКУ мамлекеттеринин жана КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештеринин катчыларынын бейрасмий көп тараптуу жолугушуулары да өттү.

Мындан тышкары, коопсуздук тармагындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Бактыбек Бекболотов бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөркөнү айтылды.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар