Орусия Днепропетровск облусундагы аскер полигонун «Искандер-М» ракеталык комплекси менен 1-июнда аткылап, расмий маалыматтарга ылайык, 12 аскер каза болуп, 60тан ашууну жаракат алды. Бул тууралуу Украина Куралдуу күчтөрүнүн жана Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.
Чабуулдан кийин Украинанын Жөө аскер күчтөрүнүн башчысы, генерал Михаил Драпатый кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын кабарлады. Ал Фейсбуктагы билдирүүсүндө бул окуя үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна аларын белгилеп, “эгер трагедия кайталанып жатса, демек менин аракетим жетишсиз болгон”, — деп жазды.
Украин армиясынын окуяга байланыштуу атайын комиссиясы түзүлүп, ички иликтөө башталганын билдирди. Аскердик полигон Черкасское айылына жакын жайгашкан жана ал жакта машыгуу өтүп жаткан. Жөө аскерлердин маалымат катчысы Виталий Саранцев Би-би-синин украин кызматына бул биринчи сокку эмес экенин, буга чейин 1-мартта да ушул жерге ракеталык чабуул болгонун маалымдады.