whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.03.2026
8.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров Катардын Улуттук олимпиада комитетинин президентин кабыл алды

Садыр Жапаров Катардын Улуттук олимпиада комитетинин президентин кабыл алды

Бүгүн, 28-апрелде өлкө башчы Катардын  Улуттук олимпиада комитетинин президенти шейх Жоан бин Хамад Аль Танини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда спорт тармагындагы кыргыз-катар кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде спорттук инфраструктураны чыңдоо маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров Кыргызстанда олимпиадалык бассейн, бокс академиясы жана Улуттук олимпиада комитетинин жаңы имараты сыяктуу заманбап спорттук объектилерди куруу үчүн Катардын тажрыйбасын жана инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Ал эми Жоан бин Хамад Аль Тани эки өлкөнүн спорттук байланыштарын чыңдоого багытталган сунуштарды кароого даяр экенин билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстанда мектептерде сууда сүзүүнү өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууну сунуштады.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар