Тышкы иштер министрлиги жана АКШ элчилиги консулдук кызматташтык маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Кейт Коллинз менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу кыргыз тараптын демилгеси менен өтүп, анын жүрүшүндө консулдук тармактагы эки тараптуу кызматташтык маселелери жана АКШнын визалык саясатындагы акыркы өзгөрүүлөр талкууланды.

Кыргыз тарап визалык маселелер боюнча конструктивдүү пикир алмашууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, өз ара алгылыктуу чечимдерди иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду.

Өз кезегинде америкалык тарап Кыргызстандын жарандары тарабынан визалык режимди сактоо маселелерине байланышкан айрым аспектилерди белгилеп, бул багыттагы диалогду улантууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар консулдук мамилелердин бардык багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнү чыңдоого ниеттенишкенин ырасташты.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз