Кыргыз АССРинин түзүлгөнүнө 100 жыл

Быйыл Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын түзүлгөнүнө 100 жыл болду. Бул дата азыркы кыргыз мамлекетинин жаңы доордо калыбына келүү тарыхындагы маанилүү баскычтардын бири болуп саналат.

Тарыхый маалыматтарга ылайык, 1926-жылдын 1-февралында СССРдин Бүткүл союздук борбордук Аткаруу комитетинин токтому менен Кыргыз автономдук облусу Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы болуп кайра түзүлгөн. Бул чечимге 1925-жылдын ноябрында өткөн Кыргыз автономдук облусунун III сессиясында автономиялык союздук республиканы түзүү тууралуу кабыл алынган токтом негиз болгон.

Республиканын борбору болгон Пишпек шаары 1926-жылдын 12-майында Фрунзе деп өзгөртүлгөн.

Андан он жыл өткөндөн кийин, тактап айтканда 1936-жылдын 5-декабрында Кыргыз АССРи союздук республика макамына көтөрүлүп, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп түзүлгөн.

Кийинки тарыхый бурулуш 1990-жылдын 15-декабрында болуп, ошол кездеги Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Мамлекеттик суверенитет жөнүндөгү декларацияны» кабыл алган. Бул документ 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет катары жарыяланышына укуктук негиз түзгөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан дүйнөлүк картада өз орду бар, ондогон мамлекеттер менен дипломатиялык мамиле түзгөн, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык багытта кызматташуусун кеңейтип келе жаткан көз карандысыз республика болуп саналат.

Өлкө экономикасы да туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн. Ички дүң продукциянын өсүү темпи боюнча Кыргызстан аймактык жана дүйнөлүк деңгээлде алдыңкы көрсөткүчтөрдүн катарына кирүүдө. Акыркы эки жылда — 2024–2025-жылдары — экономикалык өсүү 11 пайыздан ашты.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз