whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыУкраин-орус сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы. Трамп делегация жөнөтпөйт

Украин-орус сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы. Трамп делегация жөнөтпөйт

2-июнда Стамбул шаарында Украина менен Орусиянын ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы өтөт. Жолугушуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидандын төрагалыгы алдында өтүп, жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:00дө башталары кабарланды. Делегациялардын курамы мурунку сүйлөшүүдөгүдөй сакталып калган.

16-майда өткөн биринчи айлампада Украина тарапты коргоо министри Рустем Умеров, ал эми Орусия тарапты Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектеген.

Жолугушуулар алдында БУУдагы Орусия өкүлү Василий Небензя Москва сүйлөшүүлөргө меморандум менен келүүгө даяр экенин билдирген. Анын айтымында, Батыш мамлекеттери Украинаны курал менен камсыздоону токтотуп, Киев мобилизацияны убактылуу токтотушу керек.

Украина президентинин администрация башчысы Андрей Ермак Киев бул меморандумду сүйлөшүүлөр башталганга чейин күткөнүн айткан. Өз кезегинде Умеров Мединскийге украин тарабынын позициясы камтылган документ тапшырган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүүлөр алдындагы документтердин мазмуну коомчулукка ачык жарыяланбай турганын маалымдаган.

Трамптын администрациясы бул жолу делегация жөнөтпөй турганын билдирсе, биринчи айлампада мамлекеттик катчы Марко Рубио Вашингтондун делегациясын жетектеп келген.

Экинчи айлампаны Стамбулда өткөрүү демилгеси Орусия тараптан чыккан

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар