Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыКытайда өнүгүүнүн жаңы планы элдин онлайн пикирине таянып түзүлөт

Кытайда өнүгүүнүн жаңы планы элдин онлайн пикирине таянып түзүлөт

Кытайда 2026–2030-жылдарга карата он бешинчи 5 жылдык өнүгүү планын түзүүдө интернет колдонуучулардын келип түшкөн сунуш-пикирлери кылдат изилденип, олуттуу эске алынат. 

«Жэньминь Жибао» гезити берген маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин элден түшкөн ойлорду жана сунуштарды талдап чыгуу керектигин белгилеп, тиешелүү органдарга тапшырма берди.

Пикирлерди чогултуу кампаниясына 2025-жылдын 20-майынан 20-июнуна чейин интернет колдонуучуларынан 3,11 миллион сунуш жана ой-пикир келип түшкөн. Жарандардын билдирүүлөрү негизинен экономика, аймактык өнүгүү, билим берүү, экология жана технология сыяктуу тармактарды камтыган.

Кытайда беш жылдык өнүгүү пландары 1950-жылдардан бери кабыл алынып келет. Бул стратегиялык документтерде өлкөнүн орто жана узак мөөнөттүү максаттары, негизги саясаттары жана артыкчылыктуу тармактары аныкталат.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар