Башкы беткеСаясат жана коомКоомАткарылган иштер жана борборду жашылдандыруунун келечеги

Аткарылган иштер жана борборду жашылдандыруунун келечеги

2025-жылдын 26-августунда   «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын  питомнигинде  экологиялык кеңештин жаңыланган форматтагы отуруму өттү.

Иш-чаранын жыйынтыктоочу этабы катары «Жашылдандыруу боюнча жасалган иштер жана келечектеги пландар» темасында ачык талкуу өткөрүлдү.

Талкууга Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, «Бишкек жашыл курулуш» МИнин башкы агроному Жаныбек Жумалиев, Токой илимий-өндүрүш борборунун илимий кызматкери Гүлбарчын Каликова жана Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык бактын дарак жана бадал өсүмдүктөрү лабораториясынын башкы илимий кызматкери Леонид Андрейченко катышты.

Баяндамачылар жашылдандыруунун келечеги, жашыл аймактарга кам көрүү жана алардын аянтын кеңейтүү боюнча активисттердин, журналисттердин жана блогерлердин суроолоруна жооп беришти. Өзгөчө көңүл сугаруунун туруктуулугуна, көчөттөрдү шаардык шарттарга ыңгайлаштырууга жана бак-дарактарды сактоого бурулду.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынын ден соолугу менен жашоо сапатына кам көрүү негизги артыкчылык болуп кала берерин белгилейт. Муниципалитет жашыл аймактардын аянтын сактап, кеңейтүү, жаңы парктар менен аллеяларды түзүү, дарактар менен гүлзарларга кам көрүү жана экологиялык жагымдуу шарттарды түзүү иштерин активдүү улантууда.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар