Энергетика министрлигинин күз-кыш мезгилине сапаттуу даярдык көрүү тапшырмасына ылайык “КУЭТ” ААКнын филиалы Жалал — Абад электр тармактар ишканасынын бардык РЭТтеринде кышка даярдык көрүү максатында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү уланууда.
Токтогул район электр тармактары 2025-жылга 50 чакырым 10 кВ аба чубалгыны оңдоодон өткөрүү жана 10-0,4 кВ аба чубалгы боюнча 885 чакырымында техникалык тейлөө пландалган.
Ошондой эле 86 даана трансформатор оңдоодон, 461 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүү мерчемделген. Токтогул РЭТинде ар бир жумуш ыргагы план боюнча, өз максаты менен аткарылууда. 8 айдын жыйынтыгы менен төмөндөгү жумуштарды аткарды. Алар: -62 даана трансформаторду оңдоп-түзөөдөн өткөрдү; -376 даана трансформаторду техникалык тейлөөдөн өткөрдү; — 43 чакырым10 кВ аба чубалгы оңдоп-түзөөдөн өттү; — 648 чакырым 10-0,4 кВ аба чубалгы техникалык тейлөөдөн өттү; Ар бир аткарылган эмгек Токтогул районундагы керектөөчүлөрдү туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу максатын көздөйт.

