Башкы беткеМаанилүүЭ.Рахмонго Ала-Арча жаратылыш паркында этномаданий программа көрсөтүлдү

Э.Рахмонго Ала-Арча жаратылыш паркында этномаданий программа көрсөтүлдү

Кечээ, 12-мартта, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон, анын өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Кол өнөрчүлөр аллеясында эки өлкөнүн жетекчилерин акын-импровизаторлор, баатырлар жана кыздар салтанаттуу тосуп алышты.
Андан соң мамлекеттик ансамблдердин катышуусунда концерт тартууланып, манасчылар «Манас» эпосунан үзүндү аткарышты. Программа бүркүтчүлөрдүн, жаачылардын жана тайганчылардын катышуусунда салттуу Салбуурун мергенчилиги менен аяктады.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар