Бүгүн, 24-февралда Марлен Маматалиев Бишкек шаарындагы мектеп директорлору менен жолугушууга катышты. Жыйын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чоң жыйындар залында өтүп, анда 1-мартта баштала турган “Таза шаар” сынагы тууралуу кеңири маалымат берилди. Белгиленгендей, өнөктүктүн жыйынтыгында жеңүүчү мектептерге атайын сыйлыктар каралган.
Төрага өз сөзүндө долбоордун маанилүүлүгүнө токтолуп, акыркы жылдары өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан экологияны коргоо, климаттын өзгөрүүсүн жөнгө салуу жана жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында бир катар демилгелер көтөрүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, “Таза шаар” сынагы да ошол аракеттердин уландысы болуп, борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртууга салым кошот.
Мындан тышкары, Марлен Маматалиев билим берүү тармагын өнүктүрүү маселесине да токтолуп, быйыл мугалимдердин айлыгы көтөрүлөрүн билдирди. Ал агартуучуларга колдоо мындан ары да уланып, Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын чегинде билим берүү жаатындагы мыйзамдык базаны чыңдоого багытталган демилгелерди колдоорун кошумчалады.
Ошондой эле окуучулар арасындагы айрым терс көрүнүштөргө токтолгон Төрага тарбия маселесинде ата-эне, мугалим жана коом биргелешип аракет кылышы керектигин баса белгиледи.
Жыйындын соңунда ал “Таза шаар” сынагына катышып жаткан бардык мектептерге ийгилик каалап, бул демилге жаштарды мекенчилдикке жана экологиялык маданиятка тарбиялоодо маанилүү кадам болорун айтты. “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот”, – деген Исхак Раззаковдун сөзүн мисал келтирип, ар бир жаранды айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырды.
Белгилей кетсек, пластикалык калдыктарды чогултуу боюнча сынак 2026-жылдын 1-мартынан 1-майына чейин өткөрүлөт. Эң көп көлөмдө пластик топтогон мектеп жеңүүчү деп табылат. Долбоор Бишкек шаарынын мэриясы, Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Кыргызстан Кызыл Жарым Ай Коому менен биргеликте ишке ашырылууда. Мындан тышкары, Төрага резервдик фондунан каржылык жардам көрсөтөрүн билдирди.

