Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитет 14-апрелде тышкы саясаттагы мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү тууралуу мыйзамды күчүн жоготту деп таануу боюнча мыйзам долбоорун (экинчи окууда) жактырды.
Мындан ары бул тармак президенттин жарлыгы менен жөнгө салынат.
Ошондой эле «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор (үчүнчү окууда) колдоого алынды. Ал 16 жашка чейинки жарандарга паспорт алууну жеңилдетүүгө багытталган.
Жыйындын бир бөлүгү онлайн форматта өттү.