Башкы беткеМаанилүүКыргызфильм Жусуп Абдрахманов тууралуу тарыхый-драмалык тасма тартат

Кыргызфильм Жусуп Абдрахманов тууралуу тарыхый-драмалык тасма тартат

Төлөмүш Океев атындагы улуттук «Кыргызфильм» киностудиясы улуу мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө жана мурасына арналган «Жусуп» аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык тасманын тартуусун баштады. Бул тууралуу киностудиянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Фильмде Абдрахмановдун татаал тагдыры, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөөдөгү чечүүчү ролу жана анын улуттук идеяларга берилгендиги чагылдырылат. Долбоордун негизги максаты — кыргыз тарыхындагы маанилүү барактарды жаңы муунга жеткирүү жана мекенчилдик рухун даңазалоо.

Тасманын режиссёру — Кыргыз Республикасынын Маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев. Азыркы тапта даярдык иштери жүрүп, ролдорго кастинг жана тартуу локацияларын аныктоо процесси уланууда.

Сүрөт тартуу иштери Москва, Санкт-Петербург, Ташкент шаарларында жана Кыргызстандын бир катар аймактарында өткөрүлөт.

«Жусуп» тасмасынын бет ачары 2026-жылдын 25-августуна белгиленип, ал Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдык мааракесине арналат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар