Адамзат тарыхы ар кыл “…измдерге” толгон доорлорду артка калтырды. Коомдук түзүлүш, башкаруу формалары, идеологиялык чен-өлчөмдөр улам жаңыланып, XXI кылымга өзгөчө мүнөз алып келди. Бүгүн бизге мындай суроо маанилүү: азыркы доордун өзгөчөлүгү эмнеде жана маданий баалуулуктар өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө кандай таасир этет?
Эмне үчүн Түштүк Кореянын Samsung сыяктуу компаниялары дүйнөлүк технологиялык лидерге айланды да, ошол эле тарыхый тамырга ээ Түндүк Корея экономикалык обочолонуу-да калды? Эмне үчүн орус ойлоп табуучулары жаңычыл идеяларды жаратып, бирок аларды өндүрүшкө киргизүүдө Европа менен АКШдай ийгиликке жетише албайт? Бул суроолордун жообу бир гана саясий системада же табигый ресурстарда эмес, ал бүтүндөй элдердин экономикалык жүрүм-турумун, менталитетин аныктаган эстутумундагы терең маданий
коддордо жатат.
Маданият – экономикалык фактор катары
Заманбап экономикалык илимде социомаданий экономика аталышындагы жаңы түшүнүк бекемделүүдө. Ал жалпыга белгилүү теориялардан айырмаланып, маданий баалуулуктардын, салттардын жана жүрүм-турум нормаларынын экономикалык өнүгүүгө тийгизген таасирин изилдейт.
Бул жерде «маданият» дегенде сыясы кургай элек искусство же адабият эмес, коом тарабынан мурасталып, узак убакыт ичинде жай өзгөргөн баалуулуктар системасы жана күнүмдүк жүрүм-турум эрежелери түшүндүрүлөт. Биз көрүнбөгөн кызыл жип сыяктуу экономиканын бардык процесстерин – керектөөчүлөрдүн каалоолору менен өндүрүүчүлөрдүн чечимдеринен тартып, мамлекеттик саясатка чейин – аралап өткөн эки тараптуу жандуу байланышты айтып жатабыз.
Корея тажрыйбасы: бир эл – эки жол
Институционалдык жана маданий факторлордун экономикага тийгизген таасиринин эң таасын мисалы – Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Кореянын экиге бөлүнүшү болду. 1950-жылдары жарым аралдын түндүк жана түштүк бөлүгү дээрлик бирдей баштапкы шартта эле. Алсак: ИДП деңгээли, табигый ресурстары жана жалпы маданий мурасы окшош болгонун эч ким танбайт.
Бирок жарым кылым өткөн соң айырма абдан чоңоюп, 2008-жылга чейин Түштүк Кореянын адам башына ИДПсы Түндүк Кореяга салыштырмалуу бир нече эсеге өстү. Бул – институционалдык системанын ар башка багытты тандаганы жана ошол системалардын артында турган маданий факторлордун экономикага тийгизген таасиринин натыйжасында чоң айырмачылыктардын пайда болгондугун турмуш ырастады.
- Дүйнөлүк мисалдар
Скандинав өлкөлөрү – ишенимдин экономикасы
Социомаданий экономика маданияттын экономикалык өнүгүүгө тийгизген таасиринин бир нече негизги механизмдерин бөлүп көрсөтөт. Норвегия, Швеция жана Дания сыяктуу өлкөлөр дүйнөлүк атаан-
даштык индекстеринде дайыма алдыңкы сапта турат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул мамлекеттерде коомдук ишеним деңгээли 70-80%га чейин жетет. Натыйжада ишкерлер келишимдерди узак талкуулап, бекем юридикалык кепилдик издөөгө аз каражат жумшайт. Ушул эле фактор алардын инновацияга жана «жашыл» экономикага активдүү инвестиция салуусуна жол ачкан.
Япония – узак мөөнөттүү багыт
Япония Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки кыйроодон отуз жыл ичинде дүйнөнүн экинчи ири экономикасы өнүккөн өлкөгө айланып, «жапон кереметин» жаратты. Бул ийгиликтин тамыры алардын терең маданий өзгөчөлүктөрүндө жатат.
- Кайдзен жана жамааттык жоопкерчилик.
«Кайдзен» – тынымсыз жакшыртуу философиясы – ишканаларда өндүрүштү, сапатты жана кызмат көрсөтүүнү үзгүлтүксүз өркүндөтүүгө багыт берет. Жамааттык жоопкерчилик принциби болсо, жумуш ордунда коллективдүү чечим кабыл алууга жана узак мөөнөттүү пландуу иш жасоого үйрөтөт.
- Синтоизм дүйнө таанымы.
Япониянын салттуу элдик ишеними болгон синтоизм табиятты ыйык деп эсептеп, шайкештик жана тазалык идеяларын бекемдейт. Бул ишеним жаратылышты сактоо, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу жана өндүрүштөгү тазалык принциптерин так сактоого шарт түзгөн.
- Самурайлык кодекс – Бушидо.
Байыркы самурайлардын «бушидо» адеп кодекси – ар-намыс, берилгендик, чечкиндүүлүк жана сөзгө туруу – заманбап япон бизнес маданиятына да сиңген. Жетекчи менен кызматкердин ортосундагы жазылбаган ишеним келишимдердин, узак мөөнөттүү өнөктөштүктөрдүн негизин түзөт.
- Эмгекчилдик жана тартип.
Жумушка болгон өзгөчө жоопкерчилик, тартип жана сабырдуулук – япон коомунун дагы бир өзгөчөлүгү. Бул сапаттар өндүрүш процессинде жогорку тактыкты, технологиялык инновацияны жана экспорттук стратегияны туруктуу сактоого мүмкүндүк
берди.
Мына ушул руханий жана этикалык факторлор Япониянын узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсүн, технологиялык лидерлигин жана дүйнөлүк рыноктогу атаандаштык артыкчылыгын камсыздады.
Маданий таасирдин механизмдери
- Транзакциялык чыгымдар.
Ишеним деңгээли жогору коомдо келишим түзүү, көзөмөл жана алдамчылыктан коргонууга жумшала турган чыгымдар аз болот. Бул капиталды өндүрүшкө багыттоого, технологияны жаңылоого жана инновацияга басым жасоого мүмкүнчүлүк берет.
- Институционалдык ишеним.
Мамлекеттик жана коомдук институттардын мыйзамдуу жана салттуу талаптарды сактоосу аркылуу адилеттүү жана жоопкерчиликтүү коомдук системанын иштеп башташы – экономиканын кыймылдаткыч күчүнө айланат.
- Билимге, долбоорлорго жана инновацияга ачыктык.
Жаңы идеяларды кабыл алуу маданий өзгөчөлүккө, улуттук же аймактык иденттүүлүккө жараша өзгөрөт. Индивидуализм жогору өлкөлөрдө (АКШ, Улуу Британия) венчурдук капитал рыногу эрте калыптанып, технологиялык секирик жасоого мүмкүнчүлүк ачты.
Маданий айырмачылыктардын картасы
Нидерланд социологу Герт Хофстеде “маданий өлчөмдөр теориясын” өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүү динамикасы менен байланышта карап изилдеп чыккан. Анын илимий эмгегинин беш белгиси – мамлекеттик бийлик фактору, индивидуализм, эрктүүлүк, белгисиздиктен качуу жана узак мөөнөттүү багыт бардык элдер үчүн маанилүү.
Мисалы, бийликтин ашкере кийли-гишүүсү төмөн өлкөлөрдө (Скандинавия) инновациялык активдүүлүк жогору, анткени төмөнкү деңгээлден чыккан демилгелер колдоого алынат. Узак мөөнөттүү багытка басым жасаган өлкөлөр (Кытай, Япония) капитал топтоо жана туруктуу өнүгүүдө алдыга озуп чыгышат.
Көрүнбөгөн активдер: социалдык жана маданий капитал
Заманбап экономикалык өнүгүү
теориясы финансы жана физикалык капитал менен катар социалдык жана маданий капиталды да негизги ресурс катары тааныйт.
- Социалдык капитал – ишеним, өз ара байланыш жана кызматташуу тармагы.
- Маданий капитал – билим, салттуу көндүмдөр, маданий компетенция.
Бул капиталдын түрлөрү өсүштү тездетиши да, тескерисинче, тоскоол болушу да мүмкүн. Анткени, билимге ачыктык, өзгөрүүгө даярдык сыяктуу сапаттар бакубаттыкты арттырса, катуу консерватизм жана инновацияга ишенбестик прогрессти кечеңдетет.
Теориядан практикага: маданий факторлорду колдонуунун зарылдыгы
Маданий факторлорду эске алуу – экономикалык саясатты ийгиликтүү жүргүзүүнүн жаңы жолу. Башка өлкөлөрдүн моделин сокур көчүргөндөн көрө, ар бир мамлекет өзүнүн маданий өзгөчөлүгүн терең талдап, ага шайкеш институттарды түзүү, долбоорлорду иштеп чыгышы зарыл.
Бул үчүн:
- Маданий өзгөчөлүктөрдү изилдөө;
- Экономикалык процесстерге тийгизген таасирин талдоо;
- Институционалдык долбоорлоо – негизги кадамдар болуп саналат.
Мындай ыкма улуттук артыкчылыктарды өнүгүү үчүн пайдаланууга жана түрдүү тоскоолдуктарды жеңип өтүүгө мүмкүндүк берет.
Маданият –атаандаштыктын артыкчылык фактору катары
Глобалдашкан жана санариптик
доордо маданий факторлор экономикалык ийгиликтин чечүүчү куралына айланып баратат. Єз маданий өзгөчөлүктөрүн туура колдонгон, мезгил чакырыктарына татыктуу жооп берген жана табигый тоскоолдуктарды жеңе билген мамлекеттер атаандаштыктын майданында артыкчылыктарга жетишет.
Социомаданий экономика – бизге экономикалык өнүгүү жолун гана көрсөтпөстөн, капитал менен технологияны туура колдонуу, материалдык жана руханий факторлордун татаал өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо багытында да компас болуп бере алат. Дал ушул өз ара аракеттенүүнү аңдап-билүү гүлдөгөн жана адилеттүү коом куруунун ачкычы болуп саналат.
Социомаданий экономика жана кыргыз кыртышы
Кыргыздар канды изилдеген генеалогия илими боюнча R1a1 гаплогруппасына кире тургандыгы илимде аныкталган. Демек, биздин эл тарыхы боюнча эң байыркы элдердин катарын толуктайт. Єзүнө гана тиешелүү дүйнөтааным философиясы, маданияты, тили, макал-лакаптары, каада-салты, коом түзүү жана эл башкаруу тажрыйбасы, улуттук өнөрлөрү, көчмөн духту чагылдырган оюндары бар эл. Ушул сыяктуу артыкчылыктарыбызды ыктуу колдонуу менен жеке кызыкчылыктан элдин кызыкчылыгын жогору койгон жана маселе чечүүдө жолу улуулук философиясын карманган улуттук менталитетибиздин күчүн экономиканы көтөрүүгө багыттоо учур талабы болуп турат.
Алсак: “Манас” эпосу – улуттук дем, ар-намыс, адилетик, айкөлдүк, баатырдык, мекенчилдик сыяктуу асыл сапаттарды даңазаласа, “Кожожаш” эпосу- жаратылышка болгон аяр мамилени, “Эр Төштүк” эпосу — жер астындагы дүйнөнү чагылдырат. “Коллективизм”, “намыс”, “уят” – деген түшүнүктөр кыргызда жакшы өнүккөн. Демек, биздин шартта социомаданий экономиканын модеринизацияланган заманбап үлгүсү кыргыз кыртышына өнүп гана тим болбостон, дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлүүбүзгө табылгыс дүрмөт болуп бере алат.
Шумкарбек АДИЛБЕК уулу,
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директорунун
орун басары

