Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин Элдик Курултай уюштуруу демилгеси далай ирет көтөрүлдү. Тилекке каршы, мамлекет башчылардын бири да Курултай институтун киргизүүгө батына алган эмес. Буга азыркы бийлик гана батынды жана жаңы Баш Мыйзамыбызга Элдик Курултай институту катары кирди.
2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын 7-беренесинде:
«1. Элдик Курултай — коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын. Элдик Курултай кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет.
- Элдик Курултайдын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат”,-деп жазылган.
Мамлекет башчысы Конституциянын гаранты катары Баш мыйзамдын Элдик Курултай боюнча талабын аткаруу үчүн 2022-жылдын 8-февралындагы Тескемеси менен “Элдик Курултай жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түздү. Мыйзам долбоору Улуттук илимдер академиясынын базасында даярдалып, Президент тарабынан Жогорку Кеңешке сунушталды.
Адатта, мыйзам кабыл алуу процесси бир топ убакытты талап кылат эмеспи. Ошондуктан, мамлекет башчысы Элдик Курултайды ишке киргизүүнү тездетүү үчүн, отуз жылдык соңку тарыхыбызды, Элдик Курултайды түзүү зарылдыгын эске алуу менен, мамлекеттин ички жана тышкы саясаты боюнча чечимдерди кабыл алууда жарандык консолидацияны жана кызыкчылыктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн балансын камсыз кылуу максатында 2022-жылдын 28-сентябрындагы жарлыгында, 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай чакыруу чечимин кабыл алды. Уюштуруу комитети түзүлүп, Элдик Курултай жөнүндө убактылуу жобо бекитилди.
Биринчи Элдик Курултай жогорку деңгээлде уюштурулуп, ал коомчулук күткөндөн да жакшы жыйынтыктарды жана натыйжаларды берди. Курултайга республикабыздын бардык аймагынан делегаттар келип, Элдик Курултайда нукура эл күткөн сөздөр сүйлөндү.
Ал эми «Элдик Курултай жөнүндөгү» конституциялык мыйзам кийинки 2023-жылы кабыл алынды. Ошентип, көптөгөн жылдар азчылык гана адамдар сөз кылып, талкуулап келген Элдик Курултай чыныгы реалдуулукка айланды.
«Элдик курултай жөнүндө» мыйзамда «Элдик Курултай мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан жана төмөнкүдөй маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн өткөрүлөт” деп жазылган. Алар: 1) референдумга коюлган маселелер боюнча сунуштар; 2) коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө багытталган концепцияларга, программаларга, мыйзам долбоорлоруна карата сунуштамалар; 3) өлкөнү руханий-маданий жактан өнүктүрүү; 4) Кыргыз Республикасынын элинин салттарын жана мурастарын сактоо; 5) мамлекет менен диний конфессиялардын өз ара мамилелери; 6) Кыргыз Республикасында адам укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы; 7) экологияны сактоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу; 8) региондор аралык жана этностор аралык талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүү; 9) Кыргызстан элдеринин тарыхый, материалдык руханий мурастарын сактоо жана башка маанилүү маселелер.
Элдик Курултай тууралуу сөз кылып жатып, президент Садыр Нургожоевич байыркы көчмөн элдеринин жашоо-турмушунда мамлекеттүүлүктү, анын бүтүндүгүн камсыздоодо феноменалдык деңгээлге көтөрүлгөнүн, ата-бабаларыбыз Элдик Курултай элди бийликтин ээсине айлантканын элибиздин тарыхы тастыктап тургандыгын, элдик жыйын аркылуу Барсбек башында турган Кыргыз каганаты 840-жылы түптөлгөнүн эскере келип, соңку тарыхыбыздагы Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдырахманов сыяктуу саясый элитанын Кыргыз мамлекетин түптөө үчүн 1922-1924-жылдардагы аракеттерине кеңири токтолгон. Учурда Элдик Курултай институтунун байыркы уңгусун бузбай, заман талабына ылайыктап, калкыбызды олуттуу чечимдерди кабыл алуу иштерине катыштырууну, орчундуу делген, өсүп-өнүгүүнүн жолдорун издеген, акылдашып-кеңеше турган улуттук улуу жыйын болот деген оюн билдирген.
Ошондой эле Элдик Курултай институту кыргыз мамлекетин жана коомун сактоого, туруктуу өнүгүүсүн колдоого, жашоонун сапатын жакшыртууга, улуттук кызыкчылыктарды ишке ашыруунун айланасында коомду консолидациялоого көмөктөшөт, өтө маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда мамлекеттин жетекчилигине коомчулуктун макулдашылган позицияларын, сунуштамаларын, чечимдерин иштеп чыга тургандыгын баса белгилеген. Чындыгында да Улуттук Улуу Жыйын катары Элдик Курултайдын баа-баркынын жогорулашы ал кабыл алган чечимдерге байланыштуу болору талашсыз.
Буюрса, бүгүн Элдик Курултайдын элибиздин жана тарыхтын энчисине айланып, өзүнүн улуу миссиясын аткарып жатат. Буга чейин 1,2,3-курултайлар өттү. Анда эл тарабынан шайланып келген Элдик Курултайдын делегаттары элдин сөзүн бийликке жеткирип, эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө катары кызмат аткарды. Жыл өткөн сайын, курултайдан курултайга чейин Элдик Курултай өсүп, элдик институт катары калыптанып баратат.
Эмне дейбиз, түбөлүгү түз болуп, элибизге жана мамлекетибизге ак кызматын кыла берсин.
Арапбек Абдыгулов, 2-3-Элдик Курултайдын делегаты:
“Убакыт Элдик Курултайдын зарылдыгын ырастап жатат”
Курултайдын кылым санаган тарыхы бар, ошол доорлордогу монгол-түрк урууларынын улуктарынын Улуу жыйыны болуп саналган. Тарых барактарына кайрылсак, бул түшүнүк жалпы элдик жыйын катары колдонууга XII–XIII кылымдарда кирген, маанисинин жогорулашы Чыңгыз хандын ысымы менен тыгыз байланыштуу.
Анткени, 1206-жылы өткөн Курултай Темучинге Чыңгыз хан наамын ыйгарып, жыйын Курултай институтун мамлекетти башкаруудагы эң жогорку орган катары бекиткен. “Курултай” термини да ошол Чынгызхандын зыяда сыры болуп саналган “Монголдордун купуя санжырасы” (ССМ) тарыхый жазмасында кезигет. Курултайдын маани-манызына келсек, өз алдынча жашаган монгол-татар урууларынын башын кошкон, эл өкүлчүлүгүнүн империяны башкаруу институту болгон.
Курултай сөзү монгол-түрк (моал-тартар) тилдеринен келип чыккан, тамыры терең тарыхый сөз. Кыргыз Республикасындагы Элдик Курултайдын укуктук-саясий абалына келсек, эгемендик алгандан берки чейрек кылымдан бери Элдик Курултай институтун киргизүү демилгеси коомдук активисттер тарабынан дайыма көтөрүлүп келген. Бирок, Кыргыз Республикасында Элдик Курултай институту 2021-жылы Конституцияга киргизилгенден кийин мыйзамдаштырылып, 2023-жылы «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам кабыл алынган. Чындыкты айтыш керек өлкөбүздөгү саясий өзгөрүүлөрдүн айдыңы менен бул максат ишке ашты. Мында Президентибиз С. Н. Жапаровдун Элдик Курултай өткөрүү боюнча алгачкы жарлыгы саясий-укуктук тарыхый документ болуп калды.
Баш мыйзамга, ага ылайык кабыл алынган Элдик Курултай тууралуу мыйзамга ылайык Элдик Курултай: кеңешүүчү, байкоочу, коомдук-өкүлчүлүк жыйыны болуп калды. Башкача айтканда, ал чечим кабыл алуучу мамлекеттик орган эмес, анын чечимдери сунуш түрүндө болот. Курултайдын делегаты коомдук өнүгүүнүн багыттары, мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү маселелери, жарандардын укуктарын коргоо, жарандык коомду өнүктүрүү жана руханий-идеологиялык маселелер боюнча сунуштарды берүү менен чектелет. Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизе алат.
Ошондой эле Элдик Курултай Кыргыз Республикасынын Президентинин кайрылуусун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин отчетторун угат. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин мыйзамга ылайык кызматтан бошотуу боюнча сунуш берүүгө укуктары каралган. (КРсынын Конституциянын 70-беренеси). 2-Элдик Курултайда Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына өз өкүлүн жашыруун добуш берүү аркылуу киргизди.
Президентибиз ар бир өткөн Элдик Курултайдын ишине баш-аяк катышып, андагы делегаттардын сунуштары, сын-пикирлерине дароо жооп берип турду. Элдик Курултайдын Улуттук Кеңешинин эксперттери Курултайга келген бардык кайрылууларды иштеп чыгып, Президентибизге сунуштап, Программа түрүндө бекитилип, аткаруу бийлигинин органдарына жөнөтүлдү. Ал эми “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” сыяктуу Улуу демилгелерде да делегаттардын идеялары чагылдырылды. Бүгүнкү күнү өлкөбүздө аткарылып жаткан алгылыктуу иштерде Улуу Элдик Курултайдын аракетинин жемиштери да бар десем жаңылбайм.
Жыйынтыктап айтканда, Курултайдын азыркы саясий абалы – бул мамлекеттик бийликти көзөмөлдөөгө жана элдин пикирин жеткирүүгө багытталган кеңешүүчү орган. Ошондуктан Элдик Курултай институтун өнүктүрүү үчүн алдыда дагы мүмкүнчүлүктөр бар. Элдик Курултай иниститутун мамлекеттик бийлик органдарын көзөмөлдөөнү дагы бекемдөө үчүн Президентибиз тарабынан өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кийирүү боюнча Конституциялык реформа өткөрүү жарлыгы чыгып калышы да мүмкүн. Анткени, убакыт Элдик Курултайдын зарылдыгын ырастап жатат.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

