Элди турак жай менен камсыз кылуу — өлкө бийлигинин башкы максаттарынын бири. Кыргызстан боюнча үй куруу иштери кызуу жүрүп жаткан кези. Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жай комплексинин салтанаттуу ачылышына катышты.
Мамлекеттик турак жай саясатынын алкагындагы «Менин үйүм» программасынын кезектеги натыйжасы катары Чыңгыз Айтматов көчөсүндөгү 612 батирлүү заманбап үй салтанаттуу кырдаалда тургундарга тапшырылды. Курулган 18 кабаттуу комплекс жалпысынан 6 блоктон турат. Газ, суу жана канализация борбордук тармактарына толук туташтырылган. Жылытуу системасы өзүнчө автономдуу отканадан камсыздалат, ал эми электр энергиясы турак жай аймагындагы өзүнчө трансформатордук подстанция аркылуу берилет.
Садыр Жапаров он миңдеген жарандарыбыз илгери үмүт менен кезекке туруп, үйлүү-жайлуу болсом деп зарыгып күтүп турганын, алардын үмүт-тилектерин аткарганга мамлекетибиздин күчү жетерин, өлкөдө биримдик жана тынчтык болуп турса, бул программаны ишке ашыруу мындан ары дагы улантыларын айтты. Ал жакынкы күндөрү борборубуздун Маликов көчөсүндөгү 600гө жакын батир жана ошондой эле Жалал-Абад шаарында салынган 1,5 миң батир кезекте турган жарандарыбызга тапшырыларын кошумчалады.
«Мен турак-жайга муктаж ар бир адам үйлүү болсо деп кыялданам. Үйлүү болсо кубанам! Бара-бара андай жарандарыбыздын баарын үй менен камсыз кылууга жетишебиз», – деди Президент.
Ал ошондой эле бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 80 миллиард сомдон ашканын, бул аны Кыргызстандагы мындай ири капиталы бар жападан жалгыз мамлекеттик ишканага айлантканын белгиледи. Мамлекет башчысы билдиргендей, жакынкы келечекте компания өз алдынча каржылоого өтүүнү жана өлкөнүн турак-жай фондун дагы да кеңейтүүнү максат кылууда.
Салтанатта Президент МИК шарттары тууралуу кеңири айтып берип, алардын ишинин ачык-айкындыгын баса көрсөттү. Кезектерди онлайн режиминде көзөмөлдөп турса болот, кезекте турган жарандарга маалымат жеткиликтүү. Акча каражаттары электрондук көзөмөлдө турат, бул уурдоолорго жол бербейт. «Эч ким эч нерсе уурдай албайт. Уурдаса дароо көрүнүп калат жана уурдаганын эселеп кайтарууга милдеттүү болот», – деп белгиледи мамлекет башчы. Президент бул турак жай комплексиндеги бөлүштүрүү тууралуу төмөнкү жагдайларга токтолду:
– кезекте турган жарандардын жарымы алдын ала төлөмү жок 25 жылдык мөөнөткө батирлерди алышты. Экинчи жарымы – алдын ала 50 пайызын төлөп, калган суммасын 10-15 жылдын ичинде төлөө шарты менен алгандар.
МИКте турак жай менен камсыз кылуунун бир нече программасы бар. Мурда бир эле вариант бар болчу: алдын ала 30 пайызын төлөө, калган суммасы 10 жылдын ичинде жылдык 14 пайыз менен төлөнгөн.
Садыр Жапаров учурда шарттар кыйла ийкемдүү болуп калганын белгиледи:
мамлекеттик иштерде иштегендер үчүн – 4% пайызга чейин түшүрүлдү;
жеке жактар үчүн – 8% чейин, алдын ала төлөмү жок 25 жылдык мөөнөткө берилет.
Эгер мурда МИК аркылуу алган батир үй-бүлөгө тардык кыла баштаса, аны кыйла кең батирге алмаштырууга болот. Мисалы, бир бөлмөлүү батирди – эки же үч бөлмөлүү үйгө. Мурда биринчи батирге төлөнгөн сумма кийинки кеңейтилген батирдин төлөмүнө эсеп болуп кете берет. Спекуляцияларга жол бербөө үчүн алдын ала 50 пайыз төлөгөн жарандар МИК программасынан бир эле жолу батир ала алышат. Мындай батирлерди алгандан кийин дароо сатууга болбойт. Алдын ала төлөнгөн 50 пайыз учурдагы курулушту каржылоого жумшалат. Мына ушул каражаттардын эсебинен курулуштун 60-70 пайызы бүткөрүлдү.
Садыр Жапаров белгилегендей, МИК капиталы ыкчам өсүүдө, дагы 1-2 жылда 100 миллиард сомдон ашат. Бүгүнкү күндө МИК батирлери чарчы метри 850 доллардан «под ключ» берилип жатат. Ошол эле учурда жеке компанияларда баа кыйла жогору. Өткөн жылы Скрябин көчөсүндө – шаардын борборунда 539 батир курулуп, жарандарга үстүнө пайыз кошпостон, чарчы метрине 650 доллардан берилген. Президент эми мындан ары турак жай сатууда үстүнө пайыз кошуу киргизилерин кошумчалады. Бул 25 жылдын ичиндеги инфляциялык тобокелдиктерди компенсациялоо үчүн зарыл. Буга карабастан, ал МИК баалары жеке курулуш компанияларга салыштырмалуу кыйла арзан болоруна басым жасап, карапайым жарандарды үйлүү кылуу башкы максат», – деп белгиледи.
Маалым болгондой, «Менин үйүм» программасынын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында турак жай курулуштары жүрүп жатат. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 60 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүүдө.