whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.04.2025
11.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭлчиге нота тапшырылды

Элчиге нота тапшырылды

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, Москва шаарындагы мончо комплексинин биринде тартылган видео жарыялангандан кийин, элчилик тарабынан Москвада кармалган кыргызстандыктарга консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө.

Резонанс жараткан рейд учурунда Россиянын укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат такталууда. Бул маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин көзөмөлүндө, элчилик тынымсыз консультацияларды жүргүзүүдө.

Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай,  Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов 14-апрелде 11-апрелде Москва шаарындагы «Бодрость» мончосунда Кыргызстандын жарандарын жапырт кармоого байланыштуу министрликке чакыртылды. Министрдин орун басары Алмаз Имангазиев элчи Сергей Вакунов менен сүйлөштү. Ал элчи аркылуу Орусия бийлигине мончодогу операциянын мыйзамдуулугу, андагы жарандарга күч колдонуунун себептери боюнча маалымат берүү жана күч колдонуу негизсиз болсо, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота тапшырды. Алмаз Имангазиев ошондой эле Кыргызстандын Орусиядагы жарандарынын укуктарын коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүүнү өтүнүп, кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине доо кетирүүчү бул сыяктуу жагдайларга жол бербөөнү элчи аркылуу орус бийлигине билдирди.

Сыргак ЭСЕНБЕК

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар