Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде бирдиктүү мамлекеттик egov.kg порталын расмий түрдө тааныштырды. Ал мамлекет менен жарандардын ортосунда ачык жана айкын байланыш түзүүдө расмий веб-ресурстардын ролу өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.
Касымалиевдин айтымында, мурда мамлекеттик сайттар маалымат берүүдөгү негизги курал катары толук иштебей келген. Ушуга байланыштуу жүргүзүлгөн аналитикалык иштердин жыйынтыгында бардык мамлекеттик органдар үчүн бирдиктүү маалымат платформасын түзүү чечими кабыл алынган.
Учурда egov.kg порталы ишке кирип, колдонуучулар үчүн ачык. Порталга министрликтердин жана ведомстволордун сайттарын этап-этабы менен өткөрүү иштери жүрүп жатат. Келечекте бардык мамлекеттик органдар толугу менен ушул платформага кошулат.
Порталда министрликтердин расмий маалыматы, негизги документтери жана байланыш маалыматтары жайгаштырылган. Ыңгайлуу интерфейс жана издөө тутуму жарандарга керектүү кызматтарды жана актуалдуу маалыматтарды тез табууга мүмкүнчүлүк берет.


