whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыБУУ Газа секторуна 170 миң тонна гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр

БУУ Газа секторуна 170 миң тонна гуманитардык жардам жөнөтүүгө даяр

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Газа секторуна 170 миң тонна гуманитардык жардам жеткирүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу БУУнун долбоорлорду тейлөө башкармалыгынын (ЮНОПС) аткаруучу директору Жоржи Морейра да Силва маалымдады.

Анын айтымында, уюмда азык-түлүк, дары-дармек жана керектүү материалдар даяр турат.

«Ок атышуулар токтогондон кийин күн сайын 100 жүк ташуучу унаа менен азык-түлүк жеткире алабыз. Мындан тышкары 1 млн литр күйүүчү май берип, алты оорукана ишке киргизебиз жана таза сууга жетүүнү жакшыртабыз», — деди ал.

Учурда БУУнун долбоорлорду тейлөө башкармалыгы(ЮНОПС) Газадагы оорукана, наабайкана жана суу түтүктөрүнүн ишин камсыз кылуу үчүн күйүүчү май жеткирүүнү улантууда.

Жоржи да Силва БАПОР агенттигинин ишин жактап, анын саламаттыкты сактоо жана билим берүүдө маанилүү роль ойноорун белгиледи. Ошондой эле уюм жакын арада 50 млн тонна калдыктарды тазалоо иштерин баштоого даярданып жатканын кошумчалады.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар