Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖолдо мушташкандар эми айдоочулук күбөлүгүнөн ажырашы мүмкүн

Жолдо мушташкандар эми айдоочулук күбөлүгүнөн ажырашы мүмкүн

Айдоочулардын жолдогу агрессивдүү жүрүм-турумуна каршы жаңы чараларды караган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Бул долбоор Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуштайт. Документке жаңы 189-берене киргизилип, анда айдоочулардын ортосундагы чыр-чатактар, мушташтар жана башка агрессивдүү аракеттер өзүнчө жөнгө салынат.

Долбоорго ылайык:

• Жолдо мушташууга же коопсуздукка коркунуч жараткан чыр-чатакка катышкан айдоочуларга 10 000 сом айып пул салынат;

• Эгерде мындай мыйзам бузуу бир жыл ичинде кайра кайталанса, анда айдоочу 6 айга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн.

Демилгечилердин айтымында, акыркы жылдары жолдогу жаңжалдар көбөйүп, кээде түздөн-түз жол үстүндө мушташка чейин жетүүдө. Бул көрүнүш башка айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө олуттуу коркунуч туудурат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар