Кыргызстанда айдоочуларды даярдоо боюнча баштапкы кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттары бекитилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Окутуунун стандарттары аталган министрликтин сайтына жарыяланды. Мисалы, “В” категориясындагы унаа айдоочуларын даярдоо боюнча мамлекеттик стандартка ылайык, күндүзгү, күндүз-кечки жана аралыктан(онлайн) окутуунун формалары каралган.
Онлайн форматта окуганда практикалык сабактар милдеттүү түрдө инструктордун коштоосунда өткөрүлүшү керек.
Ошондой эле абитуриент кабыл алынып жатканда төмөнкү документтердин бирине ээ болушу зарыл:
• жалпы орто билим жөнүндө аттестат;
• негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк.
Күндүзгү окуу формасы боюнча окуу мөөнөтү:
• негизги жана жалпы орто билим базасында — 10 ай;
• кесиптик даярдоо жана кайра даярдоо программалары — 1 жылга чейин.
Окуу программасынын жылдык көлөмү (стандарттык 10 айлык окууда) кеминде 320 саатты түзөт, анын ичинде лабораториялык-практикалык сабактар жана 70 саат практикалык айдоо каралган.
Окутуучулар жана өндүрүштүк окутуунун мастерлери үч жылда жок дегенде бир жолу тиешелүү уюмдарда такшалмадан өтүшү керек. Мындан тышкары, жол кыймылынын эрежелери (ПДД) боюнча окутуучулар — профилдик билимге жана кеминде 3 жылдык тажрыйбага ээ болушу абзел. Айдоо инструкторлору — кеминде 5 жылдык тажрыйбага ээ болушу зарыл. Биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча окутуучулар болсо медициналык билимге ээ болушу шарт.
Бул мамлекеттик стандарт айдоочуларды даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталган. Адистердин пикиринде, бул жол кырсыктарынын санын азайтууга, бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик көндүмдөрүн жакшыртууга жана жол коопсуздугун жогорулатууга жардам берет.

