whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКытайдан 370 атайын техника келет

Кытайдан 370 атайын техника келет

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 370 даана атайын техниканы берүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымат таратты.

Макулдашууга кыргыз тараптан экономика министри Бакыт Сыдыков, ал эми кытай тараптан Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү комитетинин төрагасынын орун басары Лю Цзянпин кол койгон. Ага ылайык, Кытай өкмөтү Кыргызстандын  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы үчүн 370 даана атайын техниканы жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашырат. Бул техникалар Кыргызстандын Суу ресурстары кызматына өткөрүлүп берилет. Долбоордун жалпы суммасы 148,9 млн. юанды түзөт.

Долбоорду ишке ашыруу Суу ресурстары кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдап, ирригациялык объекттерди натыйжалуу пайдаланууга жана тейлөөгө көмөктөшөт.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Кытай өкмөтү тарабынан гранттык жардамдын негизинде жүзөгө ашырылат.

Гезит

Рубрикалар

Мурунку макала
Кийинки макала

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар