Казакстандын борбору Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн экинчи медиафоруму өз ишин баштады. Анда «Глобалдык өзгөрүүлөр доорунда — медиа стратегиялык өнүгүүнүн куралы катары» деген теманын алкагында талкуу жүрүүдө.
Иш-чарага Кыргызстан да активдүү катышып, маалымат коопсуздугу жана жасалма интеллекттин таасири тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады.
Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев өз сөзүндө журналистикада жасалма интеллект (ЖИ) технологияларын колдонуу менен байланышкан тобокелдиктерге токтолду. Ал ЖИ мүмкүнчүлүктөрүн баса белгилөө менен катар, дипфейктер жана маалыматты манипуляциялоо сыяктуу коркунучтарга да көңүл бурду.
“Жасалма интеллект туура эмес маалымат берүү, коомдук пикирди бурмалоо жана кибер кылмыштар үчүн колдонулушу мүмкүн. Бул улуттук жана маалыматтык коопсуздукка коркунуч туудурат”, — деди Тагаев.
Ошондой эле, “Кабар” агенттигинин жетекчиси Медербек Шерметалиев достук мамиледеги өлкөлөрдүн медиа кызматташтыгын кеңейтүүнүн зарылдыгын белгилди.
«Биргелешкен медиа-долбоорлорду ишке киргизүү керек. Анткени окурмандар жана көрүүчүлөр биздин өлкөлөр чоң максаттарга – бирге ГЭСтерди курууга, транспорттук коридорлорду түзүүгө, өнөр жай потенциалын жогорулатууга жана кен байлыктарды чогуу иштетүүгө – биргелешип жетише алаарын көрүшү үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке киргизишүү. Келечекке болгон бул көз карашты дал өзүбүз, маалымат тармагында иштегендер жаратышыбыз керек», — деди ал.
Форум эки күнгө созулат жана анда мамлекеттер аралык маалымат алмашууну өнүктүрүү, Борбор Азия телеканалы сыяктуу биргелешкен платформаларды түзүү боюнча сунуштар талкууланат.
Форумдун спикерлери маалыматтык мейкиндик өлкөлөрдү жана элдерди бириктирип, жакындатышы керек экендигине басым жасашты. Дүйнөдө болуп жаткан глобалдуу трансформациялар шартында маалымдоо каражаттары мамлекеттер аралык кызматташтыкты, ынак коңшулук мамилени бекемдөөдө, маалыматтык мейкиндикти коргоодо жана ар кандай сырткы күчтөргө каршы бирге турууга тийиш экендиги белгиленди.