whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарӨкмөт башчы Каракол жана Чолпон-Атадагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Өкмөт башчы Каракол жана Чолпон-Атадагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулуш иштеринен кабар алды.

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев мындай долбоор Кыргызстандын жарандарына жеткиликтүү, сапаттуу жана коопсуз турак жай менен камсыздоо максатында ишке ашырылып жатканын белгиледи. 

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин, Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын маалыматтарына ылайык, жалпы курула турган батирлердин саны 5 112. Бүткөрүү мөөнөтү үч этаптан туруп, ал 2028-жылдын аягына чейин созулат. Ал эми, каржылоо өз нугунда жүрүүдө. Үйлөрдү курууда жогорку сапаттагы материалдар колдонулуп, бардык сейсмикалык коопсуздук талаптары сакталганы айтылат.

Белгилей кетсек, батирлер Мамлекеттик программанын алкагында социалдык, жеңилдетилген жана жеткиликтүү ипотека багыттары боюнча кезекте турган жарандарга берилет. Ошондой эле биргелешкен курулуш механизми менен кезексиз берүү жагы каралганы маалымдалды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар