Евробиримдик Венгриядан күмөн санап, чочулап турат. Еврокомиссиянын Евробиримдик ичиндеги жыйындардагы жашыруун маалыматтарды Венгрия Россия менен бөлүшүп турган деген шек саноосу күчөдү. Мындай шектенүүгө Washington Post гезитинин “Петер Сийярто Евробиримдиктын сырларын коллегасы Сергей Лавровго дароо жеткирип турушу ыктымал” деген макаласы ого бетер май тамызды. Буга чейин Польшанын баш министри Дональд Туск “Орбандын кабинетинин мүчөлөрү Москвага биз тууралуу такай маалымдап тургандыгына таң калыштын кереги жок” деген эле. Эми минтип Евробиримдик Венгриядан расмий түшүндүрмө талап кылды.
Албетте, Будапешт Россия Украинага каршы аскердик операция баштагандан бери мамилесин бузбай, үзбөй катышып келген Европадагы сейрек өлкөлөрдүн бири. Венгрия Украина маселеси боюнча Евробиримдикке кайчы пикирде, Европанын Киевге 90 млрд евро жардамына вето койгон мамлекет. Ал эми венгр тышкы иштер министри Петер Сийярто орус-украин жаңжалы башталгандан бери Москвага 16 ирет барган, соңку ирет 4-мартта Кремлде орус лидери Путин менен көзмө-көз сүйлөшкөн. Мына ушунун баары адегенде шек жаратып, эми Будапешти Евробиримдиктин ички сырларын ачты деген айыптоого чейинки проблема жаратып отурат. Венгриянын оппозициячыл Tisza партиясынын лидери Петер Мадьяр Орбандын кабинети Венгриянын жана Европанын кызыкчылыктарына шек келтирди, биздин партия бийликке келсе, кылдат териштирип, айыптууларды чыккынчы катары катуу жазалайбыз” – деди. Венгриянын Виктор Орбан жетектеген расмий бийлиги ар кандай айыптоолорду четке кагып, мунун баары шайлоо алдындагы фейк деп баалады. Уинстон Черчилль таамай белгилегендей, аң уулоодон кийин жана шайлоо алдынча калп ушунчалык көп айтылат эмеспи. Көп калптын бири болушу ыктымал. Арийне, Евробиримдиктин ичинде ырк кетип, талылуу маселелер боюнча биримдикке мүчө мамлекеттердин позициялары коошпой калганына бир топ убакыт болду.


