Чолпон Орозалиева «Коштошуу» (проза), «Саябандагы муза», «Төгүлүү» ыр жыйнактарынын автору. Жазуучулар союзунун, «Нурборбор» чыгармачылык академиясынын мүчөсү. Учурда «Кыргыз тили» гезитинде эмгектенет.
Чолпон Орозалиева өзүнө өзү чыйыр салып, басса-турса изденип, жаны бар ырларды жазган, жөн жазбай “жашап жазган”, изденүү жолунда жүргөн жаш акын кыздарыбыздын бири. Эгер ушул жолунан тайбаса, беттегенин бербей, тынымсыз изденсе, анда ал күндөрдүн биринде Чолпон жылдыздай жанарында эч шек жок.
Башта мындай адатыңды билбегем,
Себеппи же өткөн-кеткен окуяң?
Жаркып кетет жарык күткөн үмүттөр
Жанып өчсө чылымыңдын оту улам.
Ага деле көнүп берип,
Сүйүү үчүн кулап түшүп чокудан,
Тамекиңди тартып атсаң дембе-дем,
Түтүн жытта-ап отурам.
Жөнөкөй да, керемет да ыр бекен?!. Биз мында тамекини реклама жасагыбыз келбейт, автор да аны максат кылган эмес деп ойлойбуз. Болгону бул ырда тамеки – символикалуу образ. Адатта, сүйүүнүн көзү сокур деп коюшат эмеспи, лирикалык каарман сүйгөн адамынын тамеки тартканын билген, бирок аны элес алган эмес. “Себеппи же өткөн-кеткен окуяң?” деп тим болот. Бул жерде каарман сүйгөнүнүн адатын түшүнүүгө аракет кылып жатат. Ошон үчүн ал «Түтүн жыттап отурам» деп ошого да шүгүр кылат. Бул ырдын эң күчтүү жери. Эгер адам сүйсө, сүйгөн адамынын кемчиликтерине карабай сүйөт. Лирикалык каарман сүйгөнүнүн кемчилигин көрүп турса да, андан баш тарта албайт.
Сүйүүнүн ачуу-таттуу табияты ошол. Сүйгөн адамдын жан дүйнөсүндө айыгышкан күрөш жүрөт, а бул күрөштө ким жеңет, ким жеңилет, автор ал тууралуу бизге айтпайт, ал жыйынтыкты ар бирибиз өзүбүз чыгарышыбыз керек.
Чолпон Орозалиеванын окурманды ойго түрткөн ырларынын бири – “Жан биргем”. Бул ырда ал сүйүүнү жашоонун эң чоң байлыгы катары көрсөтөт, адамды материалдык эмес баалуулуктарды баалоого чакырат, жай, сезимдүү жашоону даңазалайт.
Жан биргем
Үй жогуна кейибейли, жан биргем,
Үйдө бакыт жок болгондо кантмекпиз?
Үмүт менен жашай берсек жадырап,
Үстүбүзгө бир чамгарак табылат.
Жөө жүргөнгө капаланба, жарыгым,
Жон терибиз сезген жакшы бардыгын.
Унаа менен учуп жүрсөк зуулдап –
Катар басып ийинибиз тийишпей,
Салаалар да салааларга кийишпей,
Табияттын сулуулугу көрүнбөй,
Кирпигибиз суктануудан төгүлбөй,
Караңгыда колдорубуз өрүлбөй,
Узун жолду кыска басып калмакпыз.
Кыйынчылык болот түркүн тараптан,
Кайрат керек жеңиштерге саматкан.
Балким ушул баасы кымбат бакыттыр
Жол киресиз жетелешип бараткан…
Бул ыр – чыныгы бакыт материалдык байлыкта эмес, эки адамдын ортосундагы жакындыкта жана рухий биримдикте экенин даңазалаган өтө терең, романтикалык жана оптимисттик ыр.
Бул ырда материалдык дүйнө менен руханий баалуулуктар тараза ташына коюлат. Албетте, чамгарак үй-бүлөлүк очоктун символу, адам баласынын жашоосуна керек муктаждык, зарылдык деңизчи, бирок бакыт андан да жогору турат. Ошон үчүн «Үйдө бакыт жок болгондо кантмекпиз?» – деп суроо коет автор. Канчалаган үй-бүлөлөр бар, үстүндө үйү, астында ашы туруп, ажырашып кетет, а канчалаган үй-бүлөлөр үстүндө үйү жок болсо да ынтымактуу жашашат. Төрт дубалдын ичинде мээрим жок болсо, ал үй эмес, жөн гана курулуш.
Унаанын жоктугу да кемчилик эмес, унаа болгону транспорт каражаты. Автор унаанын жоктугун кемчилик катары эмес, артыкчылык катары сүрөттөп, эгер унаа болсо, адамдар бири-биринен алыстап, «ийиндер тийишпей», колдор кармашып «өрүлбөй» каларын айтат.
«Жон терибиз сезген жакшы бардыгын» – дейт. Чынында эле, бул жашоонун ар бир көз ирмемин, кыйынчылыгын да, сулуулугун да жон териң менен сезгенге эмне жетсин. Жөө баскан адам жаратылыштын, айлананын кооздугун, унаа айдаган адам байкабаган нерсени байкайт. Сүйүктүүсү менен узун жолду бирге басып, сырдашууга убакыт табат.
«Балким ушул баасы кымбат бакыттыр, жол киресиз жетелешип бараткан…» Бакыт – бул акча же унаа эмес, бул үй да эмес, бул – жетелешип, бир багытты көздөй бараткан эки адамдын ишеними. Балким бул бакыттын формуласы чыгар.
Бул ыр – бүгүнкү күндүн материалдык баалуулуктарына караганда, адамдык мамилелер бийик экенин эске салган манифест сыяктуу. Лирикалык каарман – кыйынчылыктан коркпогон, тескерисинче, ал кыйынчылыктарды сүйүүсүн бекемдөөчү курал катары колдонгусу келет. Өзүн ошого ишендирет. Мында ага үмүт күч берет, үмүт жашоонун кыймылдаткыч күчү катары жардамга келет:
“Үмүт менен жашай берсек жадырап,
Үстүбүзгө бир чамгарак табылат.”
Эми энелик сезимдин тереңдиги жана эненин баласына болгон чексиз мээрими тууралуу бир ырынан мисал келтирели.
***
Жылытуучу мештин жогун карачы,
Жарык өчтү бүгүн дагы эртелеп.
Кардым ачса кургак нандан сугунуп,
Кайнак сууну кызыма деп өнтөлөп,
Жылуу ороп, кучактаймын аярлап.
Бала менин жүрөгүмдү жибитти,
Бала мени эне кылды, ийитти.
Балам менин эки өмүрүм бар кылды,
Апам көптү түшүнбөйт деп калчу элем,
Аттиң, өзүм аңдабапмын арбынды.
Ырда азыркы биз жашап турмуштун реалдуу абалы сүрөттөлгөн. Үйдө жылуулук жок, жарык өчүп калат, а электр өчүп калган соң, кайнаган сууну жылуу кармабаса болбойт. Бул бардык жаш үй-бүлөдө кездешчү күнүмдүк көрүнүш. Автор мына ошол чындыкты өтө коюулап да ийбей, таптакыр эле жымсалдап салбай, ошол турушунда көз алдыбызга тартат.
Арийне, кандай кыйынчылыктар болбосун, эне бардык учурда эне бойдон кала берет. Ал эч кимге даттанбайт. Даттанууну жана кайгырууну көңүлүнөн чыгарып да коет. Жарык өчүп калды деп баласына чийки суу бере албайт. Анда эле баланын ичи катат же баласын оорутуп алышы ыктымал. Ошон үчүн эне баласын жылуу ороп, аны ойлоп, өзүнөн мурда баласына кам көрөт. Бул – эненин милдети, табият тартуулаган энелик озуйпа, автор лирикалык каарманы аркылуу эне өзүн унутуп, баласы үчүн жашаганын көрсөтөт. Эненин өзүнөн мурда баласын ойлогон улуулугу, асылдыгы ушунда.
Эң башкысы, автор эне болуу аркылуу адамдын ички дүйнөсү өзгөрө турганын эң сонун чечмелей алган. Бала эненин жүрөгүн “жибитет” – энени жумшартат, “эне кылат” – жоопкерчиликти, мээримди үйрөтөт, “эки өмүр берет” – бала аркылуу жашоонун маа-ниси көбөйөт. Ырда эне болуу – адамды өзгөрткөн, терең мээримге толтурган улуу сезим; жана бала аркылуу гана эненин баркын чындап түшүнөсүң деген идея жатат.
Ырда муундардын байланышы тууралуу да сөз болот. Автор өзүнүн баласын кучактап жатып, өзүнүн апасын эстеп жатат. Муздак үй – бул убактылуу нерсе, ал эми эне менен баланын ортосундагы мээрим жана кеч болсо да келген түшүнүү – бул түбөлүктүү баалуулук. Жаш аял эне болуу менен өз апасын мурда толук түшүнбөй жүргөнүн, эми гана эне болгондо анын сезимин аңдаганын айтып, өкүнүч кылат. Бала чоңойгондо гана ата-энесин түшүнөт, ата-энени түшүнүү үчүн, өзүң да ошол жолдон өтүшүң керек.
Эми жаш калемгердин жаштыктын романтикасы менен үй-бүлөлүк турмуштун катаал чындыгын бири-бирине салыштыруу аркылуу, турмуштун эки башка тарабы – дурусу жана бурушу, карама-каршылыгы тууралуу сөз кылган ырларына кезек жетти көрүнөт.
Жол четинде
Күлүп турган кучагында мырзанын
Сулуу бийкеч, бактылуусуң азыр сен.
Мындай кезде убадалар айтылып,
Билинбеген улуу күчтөр тартылып,
Ой-кыялдар алда-кайда ойдолоп,
Кыз-жигиттин доорун сүрүү – бул жомок.
Бүлө күтүү – такыр бөлөк бурулуш.
Алгачында бүр аласың, көктөйсүң,
Анча-мынча сыноолорго чөкпөйсүң,
Анан барып өйдө-төмөн кеп угуп
Акырындан өзүңдү-өзүң чектейсиң,
Чектеп атып туңгуюкка кептейсиң.
Айла канча, сууну эки кечпейсиң,
Жолдошуңа капаланган бир күнү
Жалгыз басып жүргөн мени эстейсиң.
Бул ырдагы негизги идея – жаш кездеги сүйүүнүн таттуулугу менен үй-бүлөлүк жашоонун чыныгы, татаал жүзүнүн айырмасы. Ыр турмуштук эки абал салыштырылат. Кыз-жигит кезде баары бактылуу, баары таттуу кыялдарга жетеленип, жашоо жомоктой сезилет. Убадалар айтылып, сүйүү эң күчтүү сезим болуп көрүнөт.
Анан убакыт өтүп, турмуш башталганда, чындыктын тузу үстүнө калкып чыгат. Сыноолор башталат, ар кандай кеп-сөздөр угулат, адам өзүн чектей баштайт, акырындап кыялдар жоголуп, жашоо оорлошот.
Акырында жаш келин жолдошуна капаланган учурда, мурдагы эркин, жалгыз жүргөн күндөрүн эстейт. Автор бул ырында сүйүү башында жомоктой көрүнгөнү менен, үй-бүлөлүк жашоо жоопкерчилик жана сыноолор менен коштолот; адам ошол кезде өткөн эркиндикти сагынып калышы мүмкүн деген ойду айткысы келген.
Чолпон Орозалиеванын бул ыры жогоруда биз талдаган ырларына салыштырмалуу кыйла реалисттик, философиялык мүнөздө жазылган. Автор жаштыктагы сүйүү менен үй-бүлөлүк жашоону карама-каршы коюп, иллюзия менен чындыктын айырмасын ачып берет.
Жаш калемгердин ойчул ырларынын бири – достук тууралуу. Бул ыр мурункулардан да ички конфликтке бай, психологиялык тереңдиги күчтүү.
***
«Доспуз» дейсиң, кантип каршы чыга алам?
Андан жакын болуу эле убарам,
Достук деген бийик белди ашкыча
Дагы бирөө чыкпаса экен туурадан.
Үмүттүүмүн, кайырмагым кусалык,
Карыядай күтөм балык уулаган.
Сен эмнеге зымпыясың анча эле,
Көзүмдөгү жашты көрбөй кулаган.
Мен эмнеге жашырамын чындыкты
Ойлорумду ачык айтпай чубаган.
Таштап чыгып кетким келет жумушту
Бирде тарып, бирде кеңип бул аалам.
Антсе дагы акылымды жыйганда
Жылуулук бар көңүлүмдү улаган,
Жок дегенде «жакын тааныш» дедирген
Бир илинчек бардыгына кубанам.
Бул жерде негизги тема – бир тараптуу сүйүү (достукка жашынган сезим). “Дос” деген түшүнүктүн артындагы сүйүү.
«Доспуз» дейсиң, кантип каршы чыга алам?”
Бул ырдагы айтайын деген ойдун тузу ушул бир сап менен эле айтылган. Сүйгөн адамы “доспуз” деп чек койгон, лирикалык каарман каршы ага чыга албайт. Ал буга үнсүз макул болгону менен, бирок ичинен макул эмес.
“Андан жакын болуу эле убарам”. Достуктан жогору деңгээлге өтүү ал үчүн эң чоң кыял. Негизги идея – айтылбаган сүйүү, достук менен сүйүүнүн ортосундагы чек, үмүт менен коркуунункүрөшү.
Сүрөт өнөрүндө импрессионизм деген агым бар. Сүрөтчүлөр көз ирмемдик таасирди, жарыкты жана абаны ачык түстөр, тез сүртүм жана пленэрде (ачык абада) иштөө аркылуу чагылдырууга умтулушкан. Эң негизгиси «эмне» тартылганы эмес, «кандай» тартылганы болгон: жарыктын, көлөкөнүн оюну жана жандуу эмоциялар. Чолпон Орозалиеванын биз талдаган ырлары да импрессионизмге жакын, ал өзү башынан кечирген жана өз көзү менен көргөн турмуштук окуяларды жан дүйнөсү аркылуу өткөрүп жазган, “жашап жазган” акын экенин көрсөтүп турат. Ошондон улам ырлар «тирүү» чыккан, аларда жасалмалуулук жок. Ал турмуштун майда деталдары тамекинин түтүнү, кайнак суу, кургак нан, жол чети аркылуу сүйүү менен бакыттын, энелик мээримдин, озуйпанын образын жаратып, кадимкидей көз алдыга тартат, анын ырлары ошон үчүн оригиналдуу. Буюрса, ал мына ушинтип өз алдынча образдарды жаратып, турмуштан биз көрбөгөн нерселерди көрүп, биз туйбаган нерселерди туюп өзүнө гана таандык образдардын галереясын жарата берсе, андан чоң акын чыгарынан шек жок.

