Башкы беткеМаанилүүБишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Өкмөт башчыларынын жолугушуусу башталды

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Өкмөт башчыларынын жолугушуусу башталды

  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жана Вице-президентинин жолугушуусу өз ишин баштады.

Жолугушуу алдында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев делегация башчыларын тосуп алып, “Ынтымак Ордо” имаратында саламдашты. Андан соң катышуучулар биргелешип сүрөткө түшүп, сүйлөшүү залына өтүштү.

Иш-чарага Азербайжандын Премьер-министри Али Асадов, Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов жана ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышууда.

Жолугушууда экономика, соода, инвестиция, транспорт, санариптештирүү, энергетика жана айыл чарба тармактарындагы кызматташтык, ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу маселелери талкууланат.

Бул маанилүү жыйынга ТМУга мүчө мамлекеттердин жана эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын 90дон ашык өкүлү маалыматтык колдоо көрсөтүүдө.

Маалымат үчүн: Түрк мамлекеттер уюму – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстанды бириктирген эл аралык кызматташтык уюму болуп, анын негизги максаты түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда ар тараптуу өнөктөштүктү өнүктүрүү болуп саналат.

Гезит

От товара к имени

Как превратить обычный продукт в узнаваемый бренд страны          В глобальной экономике конкурируют не только товары, но и страны. На мировых рынках выигрывают те государства,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар