Башкы беткеСаясат жана коомКоомАдылбек Касымалиев: "ЕАЭБ экономикалык өнүгүүнүн маанилүү борборуна айланды"

Адылбек Касымалиев: «ЕАЭБ экономикалык өнүгүүнүн маанилүү борборуна айланды»

ЕАЭБ түзүлгөндөн берки 10 жылдын ичинде Союздун ИДПсы 18%га өсүп, 2,5 триллион АКШ долларынан ашты. Өнөр жай өндүрүшү дээрлик 30%га, айыл чарбасы 25%га көбөйдү, ал эми Союздагы өз ара соода эки эседен ашык өстү. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын ИДПсы реалдуу түрдө 1,5 эсеге, ал эми жан башына эсептегенде ИДП эки эсеге көбөйдү. ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара сооданын көлөмү эки эсеге, өнөр жай өндүрүшү 55%га, айыл чарбасы 23%га өстү. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген форматтагы жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. 

«Өткөн он жылдык оңой болгон жок, дүйнөлүк чакырыктардын жана дүйнөлүк соодадагы протекционизмдин күчөшүнүн фонунда. Ошого карабастан, өкмөттөрдүн биргелешкен аракеттеринин, тыгыз өз ара аракеттенүүнүн жана бизнестин активдүү катышуусунун аркасында биз Союзда туруктуу экономикалык өсүштү сактап кала алдык», — деп белгиледи өкмөт башчы.

Ал жогорку көрсөткүчтөр улуттук экономикалык саясаттын гана эмес, динамикалуу өнүгүп жаткан кооперациялык кызматташтыктын да натыйжасы экенин баса белгиледи. Ал Өкмөттөр аралык кеңештин, Кеңештин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын алкагында натыйжалуу иштегендиги үчүн кесиптештерине ыраазычылык билдирди.

«10 жылдын ичинде Союз дүйнөлүк экономиканын архитектурасында экономикалык өнүгүүнүн маанилүү борбору катары калыптанды. Биз эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүп, жети соода келишимине кол койдук, Евразиянын жана башка региондордун негизги интеграциялык бирикмелери менен өнөктөштүктү кеңейтүүдөбүз», — деп белгиледи ал.

Өкмөт башчысы климаттык күн тартибине, бул чөйрөдө ийкемдүү жана ылайыкташтырылган стандарттардын зарылдыгына, ошондой эле 2025-жылга чейин Евразиялык интеграция стратегиясын ишке ашыруу боюнча ишти улантууга жана кийинки беш жылдык этапка даярданууга өзгөчө көңүл бурду.

Адылбек Касымалиев негизги артыкчылыктардын катарына төмөнкүлөрдү белгиледи: өнөр жай кооперациясынын биргелешкен долбоорлорун каржылоо шарттарын жакшыртуу; бирдиктүү транспорттук-логистикалык мейкиндикти түзүү жана аны эл аралык транспорттук коридорлорго интеграциялоо; бирдиктүү санариптик мейкиндикти өнүктүрүү жана бажы процедураларын санариптештирүү; бирдиктүү эмгек рыногун өркүндөтүү жана эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгүн жогорулатуу.

«Глобалдык трансформация шартында 2030-жылга чейин ЕАЭБди көп уюлдуу дүйнөнүн технологиялык өнүгүүнүн жана калктын бакубаттуулугунун жогорку деңгээлин колдогон гармониялуу өнүккөн борборуна айландыруу зарыл. Биз бул үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даярбыз», — деп сөзүн жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар