Медиатор деген сөз – латын тилинен (“Mediator”) алынып, ортомчу, жараштыруучу, данакер дегенди билдирет. Дүйнөдө медиатор түшүнүгү XX кылымдын экинчи жарымында кеңири жайыла баштаган.
Медиаторлор десе биз муну жаңы термин, түшүнүк катары карап жүрөбүз. Бирок, бул институт кыргыз коомунда илгертен эле бар. Тактап айтканда, аксакалдар институту кыргыз коомунда жарандардын пикир келишпеген талашы болсо, ошол элдин аксакалдары экөөнүн маселесин чечип берген. Негизи эле ар кандай чыр чатакты даанышман, көптү билген инсандар, уруу аксакалдары андан ары ырбатпай чечип келишкен.
Медиация Кыргызстанда…
Эгемен Кыргызстандын тарыхында “Медиация жөнүндө” мыйзам 2017-жылдын 28-июлунда кабыл алынган. Бул мыйзам Кыргызстанда талаштарды жөнгө салуу боюнча медиацияны колдонуу үчүн укуктук негиздерди түзүү, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүү, өнөктөштүктүн иштиктүү мамилелерин өнүктүрүү, иштиктүү карым-катыш этикасын калыптандыруу, социалдык мамилелерди шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. Бул мыйзамга 2023-жылы 8-августта өзгөртүүлөр киргизилген.
Деген менен медиация тармагы бүгүнкү күндө эл арасында анча белгилүү эмес. Жарандар маселени сотко жеткирбей чечсе боло турганын азырынча толук түшүнүшө элек.
Медиацияны күчөтүү аракети, мыйзамга киргизилип жаткан өзгөрүүлөр
Ушул жылдын 25-июлунда Жогорку Кеңеш “Медиация жөнүндө” мыйзам долбоорун жана КРнын медиация чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окуудан жактырды.
Бул мыйзам күчүнө кирсе кандай өзгөрүүлөр болот? Эң башкы максат жарандарды сотко жеткирбей маселесин чечүүгө аракет кылуу. Башкача айтканда аталган мыйзамга ылайык, тараптар алгач милдеттүү түрдө медиация аркылуу маселесин чечүүгө милдеттүү болушат. 60 күндүк мөөнөт ичинде маселе чечилбей турган болсо гана андан кийин сот-ко барышат. Аталган мыйзамга ылайык, медиаторлор оор жана өзгөчө оор кылмыштарды карабайт.
Медиатор болуунун жол-жобосу
Медиатор болууну каалаган жарандардын кайсы гана багытта болбосун жогорку билими болууга тийиш. Андан кийинки талап, талапкердин жашы 25тен жогору, мурда соттолбогон болуусу милдеттүү. Мурда сот жообуна тартылып, бирок, мыйзам чегинде акталган жарандарга медиатор болууга укук берилет.
Адистерди даярдоо тартиби
Бүгүнкү күндө республиканын аймагында 370тен ашуун медиатор каттоодон өткөн. Бирок, алардын бардыгы кесиби менен иш алып барышпайт. Ал эми медиаторлор “Кыргыз Республикасынын медиаторлорунун республикалык бирикмеси” коомдук бирикмеси, “Улуттук медиация борбору” тарабынан окутулат.
Бүгүнкү күндө медиаторлуккка талапкерлер ушул бирикмеде 180 саат окуудан өтүп, атайын күбөлүк, лицензия алышат. Андан кийин гана алар медиаторлук ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт.
Бизге 2000 медиатор керек
Жаңы мыйзам күчүнө кире турган болсо, өлкөгө кеминде 2000 медиатор керектелет. “Кыргыз Республикасынын медиаторлорунун республикалык бирикмеси” коомдук бирикмеси, “Улуттук медиация борбору” тарабынан жаңы медиаторлорду окутуу жаатында иштер жүрүп жатат. Медиаторлор жыл сайын окуудан өтүп, билим деңгээлин жогорулатып турууга милдеттүү.
Медиаторлор чыгарган чечими үчүн суракка алынбайт
Медиаторлор кайсы бир иш боюнча чыгарган чечими үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Же тейлеген кардарларынын иши боюнча сотто, тергөөдө көрсөтмө бербейт.
Данакер ар бир иштин купуялуулугун сактап, ага келген адамдын иши тууралуу маалыматтарды жайылтуусуна этикалык кодекс жол бербейт. Медиатор этикалык кодексти одоно түрдө бузган учурда лизенциясы убактылуу же биротоло токтотулушу мүмкүн.
Майыптыгы барларга мамлекет төлөйт
Медиатордун чечими нотариус тарабынан бекитилген болсо, ал аткаруу документинин күчүнө ээ болот. Биз жогоруда сөз кылган мыйзам кабыл алынса, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар медиаторго кайрылса, анын акысын мамлекет төлөп
берет.
Медиатор өзүнүн чечимин көзөмөлдөп турат
Кайсы бир жарандар медиатор аркылуу мунасага келе турган болсо, алар келишимди үч айдын ичинде аткарууга тийиш. Медиатор чечиминин аткарылышын көзөмөлдөп турат. Ошондой эле жарандар медиатор менен иштешүүнүн кайсыл гана этабында болбосун кызматташууну токтотуп, сотко кайрылууга укуктуу.
Практик медиаторлор
Өлкөдө сертификаты бар 370тен ашуун медиаторлордун катарын Баткендин Кадамжай районунда иштеген Кудрет Абдуллаев да толуктайт. Анын айтымында, 6 айда 8 ишти карап, жетөөнү оң жакка чечип берген.
“Ушул жылдын 6 айында мага соттон 4, тергөөдөн 4 иш келди, алардын баары жарандык иштер. Биздин түшүндүрүү иштерибиздин натыйжасында соттон келген 4 иштин үчөө оң жагына чечилсе, тергөөдөн келген иштердин баарын чечип бердик. Медиатор дегенди жаңы түшүнүк катары кароонун кажети жок. Илгери эки тараптын талашын акылман, элдин ичинде аброюу бар аксакалдар чечип берген. Бул ошол эле аксакалдар аткарган иштердин жаңыча формасы. Ал эми медиаторлорго маянаны ким төлөп берет дегенге келсек, атайын бекитилген тариф бар, ага ылайык, медиаторго келген эки тарап ошол сумманы тең бөлүп төлөшөт”, — деди ал.
Гулнур Дарманкулова Ноокен районунда ме-диатор болуп иштейт. Ал жаңы мыйзам кабыл алынса, соттон гана эмес, укук коргоо органдарынан дагы анча оор эмес кылмыштар боюнча иштер медиаторлорго жибериле турганын билдирди.
“Мыйзам долбоорун окуп чыктым, ал 2027-жылдан баштап күчүнө кирет. Ошондо бир гана соттон эле эмес, укук коргоо органдарынан дагы иштер медиаторлорго түшөт. 2030-жылга барып медиаторлор эл ичинде кеңири таанымал болуп калат деп ишенем. Бул мыйзамдын жакшы жагы жарандар адвокаттарга кетирген акчасын, соттон сотко чуркаган убактысын үнөмдөйт. Медиатор катары ажырашкан үй-бүлөлөрдүн, бир туугандардын мүлкүн бөлүп берген учурларым болду. Бир чети тынч жол менен эки жакка кеткен адамдардын ортосунда аз да болсо сый калат экен”, – дейт Г. Дарманкулова.
Эл аралык практикада кандай?
Дүйнө жүзүндө медиация популярдуу институт катары кабыл алынган. Автордун жалпы улуттук “Кыргыз Туусу” гезитинин №57 (24927) санында медиация институтунун Кытай, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдөгү тажрыйбасы кеңири баяндалган. Көптөгөн чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, жарандар сотко эмес, медиаторлорго барып, маселесин чечүүнү эп көрүшөт.
ӨЗБЕКСТАНДА
Өзбекстанда медиация жөнүндө мыйзам 2019-жылы күчүнө кирген. Кошуналарда бүгүнкү күндө 3000ге жакын медиа-тор окуудан өтүп, күбөлүк алган. Бирок, бул өлкөдө деле жарандардын медиаторлорго кайрылган учурлары азырынча сейрек кездешет.
КАЗАКСТАНДА
Медиация жөнүндө мыйзам 2011-жылы кабыл алынган. Жыл сайын миңдеген медиаторлор окууну аяктайт. Казакстанда 10 киши биригип, медиаторлук борборду ачса болот, андыктан аларда азыр жыйырмадан ашуун медиациялык борборлор бар. Кошуналардын мыйзамында медиаторго кайрылуу ыктыярдуу түрдө деп көрсөтүлгөн.
ЛАТВИЯДА
Латвияда медиаторлордун орду өзгөчө, алар жарандык, үй-бүлөлүк, эмгек келишимдерине байланыштуу талаштарды кээде кылмыш иштерин да карашат. Бул өлкөдө мыйзам 2014-жылы кабыл алынып, жарандар медиаторго кайрылганда 180 күндөн ашырбай, ал эми соттон келген иштерди 60 күндүн ичинде чечүүгө милдеттүү.
#MEDIATOR_MINJUST
Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”.
0312 62 20 66
0 777 22 03 01

