Мамлекеттик кызмат органдарынын жетекчилерине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштерине аралашпоого кайрадан эскертүү берилди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президенттик Администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде айтты.
Анын айтымында, эскертүүлөргө карабастан, айрым аймактарда үгүт иштерине аралашкан кызматкерлер аныкталып, жумуштан алынган учурлар катталды.
Касымалиев жарандар өз тандаган талапкерине эркин, басымсыз жана сатып алуулардын катышуусуз добуш берүүгө тийиш экенин белгиледи.
Ал мындан тышкары, өкмөт эч бир талапкерди колдобой турганын, эл кимди татыктуу деп шайласа, ошол депутат менен иштей турганын баса көрсөттү.
Адылбек Касымалиев мекендештерди алдыдагы шайлоого активдүү катышып, жоопкерчиликтүү тандоо кылууга чакырды.


