Ирандын бийлиги абанын катуу булганышына байланыштуу баш калаа Тегеранда мектептерди, университеттерди жана бир катар коомдук мекемелерди эки күнгө – шейшемби жана шаршемби күндөрү жабуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу IRNA агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда:
Тегерандын бардык окуу жайлары (Фирузкух району гана өзгөчө) дистанциялык окууга өттү.
Мамлекеттик жана жеке мекемелердин кызматкерлери үйдөн иштөөгө уруксат алды. Өзгөчө кызматтар – куткаруучу, медициналык, оперативдик, аскер жана укук коргоо органдары кадимки режимде иштейт.
Банктардын бир гана бөлүгү иштей берет.
Транспортка чектөөлөр:
06:30дан 20:30га чейин транспорт кыймылына чектөө киргизилди.
Айрым аймактарга жеке унаалардын киришине тыюу салынды.
Жүктөрдү ташыган оор унаалардын жүрүшү токтотулду, бирок тез бузулуучу товар же күйүүчү май ташыган машинелерге уруксат берилет.
Мындан тышкары, кум-шагыл карьери, цемент заводдору сыяктуу өндүрүш ишканалары да убактылуу ишин токтотот.
Дүйшөмбү күнү Тегерандын аба сапатынын индекси 170тен ашып, бардык адамдар үчүн кооптуу деңгээлге жеткен. Адистердин айтымында, кышкысын шамалдын азайышы жана температуралык инверсия абанын булганышын күчөтөт. Эски унаалар жана заводдор негизги булгоочу факторлор болуп эсептелет.


