Алмаз КУЛМАТОВ, “Кыргыз Туусу” басма үйүнүндиректору – башкы редактор:
– “Бар бол, адабият” адабий сын китебинин жазылып калышынын өз тарыхы бар. Мен быйыл жазда Абдыганы Эркебаев агай менен эгемендик жылдарындагы кыргыз адабияты тууралуу сын макалалар топтомун жазып берүү тууралуу макулдашкан элем. Ондогон китептерди окуп чыгып, талдады. Макалалар түрмөгүн гезитибиздин жети санына – сандан санга жарыяладык. Окурмандар, коомчулук зор кызыгуу менен кабыл алышты.
Гезитке “Эгемендик мезгилиндеги кыргыз адабиятына сереп” деген аталыш менен жарык көргөн көлөмдүү адабий сын макала эгемендик мезгилиндеги кыргыз адабия-тына арналып, азыркы кыргыз адабияты илимий-теориялык негизде кенен баяндалып, улуттук адабияттын жетишкендиктери, өнүгүү тенденциялары, актуалдуу маселелери терең талдоого алынды.
Адабий сын – адабияттын кыймылдаткыч күчү. Адабий сынсыз адабиятта өнүгүү болбойт. Калыс, адилеттүү сын гана ар бир жазылган чыгармага чыныгы баасын берет, ийгиликтерин белгилеп, кемчиликтерин көрсөтөт, багыттарын аныктап берет. Академик агайыбыздын макаласы мына ошондой салмагы сайдын ташындай сын макала болду. Биз бул үчүн агайыбызга чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Ушул жерден белгилеп кетчү нерсе, акыркы жылдарда “Кыргыз маданияты”, “Ала-Тоо” журналдары чыкпай калгандыктан, “Кыргыз Туусу” гезити ошол кенемтени толтуруп, элдин сүймөнчүгүнө айланган адабий гезит менен адабий журналдын ордун жоктотпой келет. Тагыраак айтканда, гезиттин ар бир санынын бир бети, кээде андан да көп беттери адабиятка арналган. Мындан ары да улуттук адабияттын өсүп-өнүгүп, адабий процесстин жүрүшүнө өз салымыбызды кошо беребиз деп ойлойм.
Чолпонбек АБЫКЕЕВ, КР Президентинин кеңешчиси,Кыргыз эл жазуучусу:
– Китептин «Бар бол, адабият» аталышынын өзү эле кубандырып турат. Бир мезгилде адабият дүйнөсүндө тыныгуу болуп калды эле, эми акыркы жылдарда жандануу болуп жатат. Канча бир жылдан бери адабий сын тууралуу талкуу боло элек болчу. Адабият жөнүндө жазылган сын китептин айланасында талкуу болгону жакшы жөрөлгө. Кубанычтуу көрүнүш. “Кыргыз Туусу” гезитине чоң ырахмат айтып кетким келет.
2023-жылы жазуучулардын 50 китебин мамлекет тарабынан каражат бөлдүрүп бастыртканбыз. 2024-жылы 100 китеп чыгарттык. Келерки жылдарда дагы көңүл бөлүү башкача боло баштады. Акын-жазуу-чулардын китептерин чыгаруу жана калем акы төлөө маселеси мамлекет тарабынан каралып жатат.
“Калем акыны кантип өлчөөгө болот?” деген чен жок экен. Мына ушуну азыр Маданият министрлиги иштеп жатат. Китептерди китепканаларга таратуу, сатуу ишин жолго коюу да Маданият министрлиги тарабынан каралып жатат. Буюрса, ал иштердин баары жолго коюлат деп ишенем. Чыгармачылыкка, анын ичинде адабиятка карата көңүл бөлүү мамлекеттик деңгээлге көтөрүлдү.
Абдыганы агай бардыгыбыз сыйлаган устат. “Очерк оңой чыгарма эмес” деген макаласы чыкты эле, мен алгач курстук иш, кийин дипломдук ишимде пайдаландым.
Абдыганы Эркебаевич эгемендик жылдарында жаңыдан түптөлгөн азыркы кыргыз мамлекетинин кышын кынагандардын катарында турду. Көп жыл саясатта жүрсө да, минтип адабиятка кайрылып, жөн эле кайрылбай, адабий коомчулуктун бүйүрүн кызыткан макала жазганы үчүн агайга чоң ырахмат айткым келет.
Каныбек ИМАНАЛИЕВ, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы:
– “Уюштуруучуларга, “Кыргыз Туусу” гезитине чоң рахмат.
Китеп чакан, жупуну болгону менен, окуя абдан чоң. Чоң дегеним, акыркы 40 жылда адабият таануу, адабий сынчылык тууралуу сөз козгоп биринчи жолу жолугуп отурабыз. Агайдын бул китебин да, буга чейин чыккан китептерин да окуп чыккам. Ар бир өзүн сыйлаган акын-жазуучунун, адабиятчынын үйүндө Абдыганы Эркебаевдин 8 томдугу, Салижан Жигитовдун беш томдугу сөзсүз болушу керек деп каалар элем.
Кыргызстанда адабий сын боюнча пленум 1986-жылы күздө болуптур. Ошондон бери боло элек экен. 40 жылдан бери адабий сын боюнча тегерек үстөл, конференция же чогулуш болбоптур. Сынчылар үчүн, акындар үчүн, жазуучулар үчүн башкы төлгө тема. Себеби, биз сын укпай эле, адабиятчылардын сөзүн укпай эле, жазып жатабыз. Туура, китептер чыгып жатат. Бирок, моюнга алуу керек, ошол жарык көргөн китептердин 90 пайызы алешем да.
Абдыганы агайга ыраазычылык айтып коюу керек, бул китебинде баш-аягы жүздөй акын-жазуучуну талдаптыр. Бир жазмакердин бирден китебин окуду, талдады дегенде 100 китеп окуган болот. А эгер айрымдарынын 3-4төн китеби чыккан болсо, канча китепти окуп чыккан болот? Буга канча убакыт, канча күч кетет?
Биз жазуучулар ушундай калк болобуз өзүбүздөн башканы окубайбыз. Өзүбүздү окуп маашырланабыз. А жазуучу башканы окуганда өсөт. А Абдыганы агай кыргыз адабиятын гана эмес, дүйнөлүк адабиятты, орус классикасын калтырбай окуп чыккан адабиятчы. Эң көп китеп окуган Абдыганы агай болушу керек.
“Бар бол, адабият” жакшы жөрөлгө. Демек, бизди окуй турган адамдар гана эмес, ошол жазгандарыбызды сындай турган адамдар бар экен. 60-70-жылдардан 90-жылдарга эмне деген дөө-шаа калемгерлер келди. Ошого жараша дөө-шаа сынчылар да келди да. Мухтар Борбугулов, Шаршенбек Үмөталиев, Кеңешбек Асаналиев, Качкынбай Артыкбаев, Салижан Жигитовдор келбеди беле!?
Биз дагы бир нерсеге сыймыктанышыбыз керек. КМУнун кыргыз филологиясы кыргыз мамлекеттик башкаруу системасына бараандуу, татыктуу кадрларды даярдаган устаканага айланды. Мына бүгүнкү күндүн себепкери Абдыганы Эркебаев мамлекеттеги экинчи киши болду. Кеңеш Кулматов бир учурда мамлекеттеги үчүнчү киши болду. Мыктыбек Абдылдаев Кыргызстандын башкы прокурору болду. Абдыганы Эркебаевдин жолун жолдоп Чыныбай Турсунбеков парламенттин спикери болду. Биздин филфак мамлекетти башкара ала турган жогорку билим берүүнүн үлгүсүн көрсөттү.
Азыркы адабият адамдарынан кимдин өмүрүн кино кылып тартыш керек десе, Абдыганы Эркебаевди тартыш керек деп айтаар элем. 2 жашында атасынан, 3 жашында апасынан жетим калып отурат. 4 жашында эжесин ээрчип Тажикстанга баратса, эжеси ээрчитпей коюптур. Биз жолдуу экенбиз, эгер Тажикстанга ээрчитип кеткенде эмне болот эле. Дагы бир жолдуу болуппуз, политехке тапшырайын десе, аскердик каттоосу жок тапшырбай калыптыр. Акыры филфакка тапшырган. Политехти бүтсө деле академик болмок, бирок анда Абдыганы агайдын ордуна сынды ким
жазмак.
Бизде китепти сында десе, адамдын өзүнө тийише баштайт. А агайда сындын маданияты да, сындын бийиктиги да бар. Агайга жеке өзүм ыраазычылыгымды гана айтам. Кеп-кеңештерин берди. Кемчиликтеримди көрсөттү. Жүрөгүм менен кабыл алдым. Сын айтуунун бийик маданияты бар.
Өзүндөгү каарын заарлуу сын менен чыгарган адамдар да бар. Кыргызстанда кошоматчылык рентабелдүү кесип. Андайлар көп. Сын айткандар аз. Эсимде, Абдыганы агай учурунда Акаевге катуу сын айткан учурлары болгон. Кийин ал бийликтен кеткенде эч нерсе айтпады. Ийри-буйру жолдо түз жүрүш кыйын. Түз адам бул Абдыганы Эркебаев. Улуттук деңгээлдеги ушундай адамдар менен сыймыктанышыбыз
керек.
Белгилей кетсем, адабий сын пленумун 3 күн өткөзөлү деп жатабыз. Адабият кандай болуш керек. Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына карата пленум кылалы дейбиз. Бар болуңуз, чакан болгону мааниси терең эмгек. Туура сөз айтканыңыз үчүн рахмат.
Садык АЛАХАН, филология илимдеринин доктору:
– Өлкөбүздүн адабият турмушунда өзгөчө күн болуп турат. Анын эки себеби бар. Бири – автор, экинчиси – автор жазган китеп. Ушул эки себеп майрам жаратып жатат десек болот.
Абдыганы Эркебаевич мындан бир жыл мурда жетимишке чыккан. Жетимиш жылда жасаган иштерин жыйынтыктоо багытында 8 китеп чыгарды. “Бар бол, адабият” китеби тууралуу айтсам, анда 92 автор талдоого алынган. Дээрлик адабиятка тиешеси барлардын ар бири жөнүндө сөз болду. Дарамети, багыты, өзгөчөлүгү тууралуу сөз кылды. Айрымдар кыска айтылып калды деп ойлошу мүмкүн. Жок, андай эмес. Кыс-ка болгону менен нуска айтылган сөздөр болду. Нуска талдоодон өттү. 80-жылдардагы сынчылык табияты кайрадан козголуп, жаңы деми ачылды десек болот. Аннотацияга жазыптыр. “Адабиятка болгон сүйүүм, анын тарыхына, ал-абалына жана келечегине кызыгуум өчкөн эмес” деп. Бул – жан дүйнөсүн, жашоосун, адабиятка болгон кумарын эң сонун чагылдырып турган сөз. Буга чейин жазгандар борбордогуларды эле сөз кылышчу. Ар бир главасында элеттик калемгерлер, алардын тагдыры, чыгармачылыктары жөнүндө, кыргыз адабиятындагы орду жөнүндө таамай, так сөз кылат. Бул да адилдик, бул да көсөмдүк.
Кожогелди КУЛУЕВ, Кыргыз эл акыны:
– Китептин автору Кыргызстандын жалпы улуттук сыймыгына айланган адам. Өмүрү өрнөк инсан. Адабиятка, саясатка канча эмгек сиңирди. 100гө жакын адамды талдоого алганы аталык камкордук десе болот. Жыш терминдер жок. Жөнөкөй жазылган. Чын жүрөктө жазылган. Мындай жүрөгүн төшөп жазган макалалар деле аз болду окшойт. Кээде ашыкча үстүнөн түшүп, баса калып жазган, ошондон рахат алгандар бар. “Бар бол, адабият” кыргыз адабиятын жакшылыкка бурган китеп
болду.
Аида ЭГЕМБЕРДИЕВА, филология илимдеринин доктору:
– “Бар бол, адабият” китебиндеги мени ынанткан чындыктар төмөнкүлөр: Биринчиден, астейдилдик. Бул башынан агайга таандык нерсе. Мында дагы кайсы жазуучу-акындын чыгармасы жөнүндө сөз кылбасын, мактаса да, жемелесе да, жумшак айтса да, катаалдык кылса да – бардыгы чын дилден айтылат. Ал келишкен-келишпеген маселелер адабияттын тазалыгы, аруулугу үчүн.
Экинчиден, китептин башындагы ада-биятчынын “жан сыры” жеке өзүнөн – “менден” башталса дагы ал бир эле учурда адабияттын ийгилиги менен өксүгүн кошо чагылтат. Ошол өксүктү толтуруп агай кийин өзү унутта калган чыгармаларды иргеп-талдап, “Кыргыз адабиятынын аз изилденген барактары” (1999) аттуу эмгегин жарыкка чыгарган.
Экинчи олуттуу изилдөөсү кыргыз жазма прозасына байланыштуу болгонун автор өзү эстетет. Кыргыз прозасынын генезисинен тартып толук кандуу жанр катары калыптанышына чейин иликтеп, жаралган романдарды дүйнөлүк чыгармалар менен салыштырууда биринчи жолу структурный анализди, стилистикалык деңгээлди колдонгон. Адабияттын тарыхына арналган анын фундаменталдуу бул эки эмгеги, өзү айткандай, биздин элдин “маданий мурасын туура, так аңдап билүүгө кошкон зор салымы”. М.Горький атындагы дүйнөлүк адабият институтундагы изденүүлөрү, алган таалим-тажрыйбалары болсо биздин адабияттын пайдасы үчүн болду. “Жан сырыңыздын” аягында аталган китептер адабиятка аралашам дегендерге жакшы багыт
болуптур.
Абдыганы агай адабиятты биздин элдин басып өткөн жолу, ХХ кылымдагы опурталдуу окуялар, коомдук-саясий абал менен параллель коюп карайт. Мурда элдик оозеки чыгармачылык катары өнүккөн сөз өнөрүнүн профессионалдык адабиятта өмүр улашы, андагы изденүүлөр, тоскоолдуктар, адабияттын коомдук идеология катары ролу, жазуучулардын орду, тагдыры, цензура ж.б. көрүнүштөр сүрөттөлөт. Кайра куруу учуру, союз урап, мамлекеттик каржыдан тыш калган адабияттын, Жазуучулар союзунун абалы, чыгармачылык союздар, алардын ишмердиги, мурда-кийин айтылбаган фактылар сөзгө алынат.
Төртүнчүдөн, адабиятчы өмүрдөн узагандарды эске салып, ар бир муундун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн адабиятка кошкон салымын айтып жүрүп отурат. Анын баары – өзү көрүп-билген, күбө, айрым учурларда себепкер дагы болгон нерселер. Анткени кандай жана кайсы кызматта болбосун, Абдыганы агай адабиятты көз жаздымында калтырган эмес.
Бешинчиден, китебинде Абдыганы агай биздин адабияттын кеңири панорамасын түзүптүр. Анда бардык жанрлар боюнча оюн айтат. Адабияттагы жалпы тенденциялар, айталы, эгемендик мезгилиндеги тарыхый чыгармалардын басымдуулук кылып, ар бири өз уруу баатырларын негизги планга алып чыккан чындыкты, “аңызга, уламышка, санжырага, кокту-колот (улут эмес) хандарына жана бийлерине кызыгуу күч” болгонун катуу сындайт: “Кемчилик – аң-сезимдин өзгөрүлүшүн, базар мамилелеринин оош-кыйыш жактарын, социалдык жиктелүүнүн айынан бай-кедейлерге бөлүнүшүн жемкор, паракор жетекчилер, шылуундар, ишкер, банкирлер элестери аркылуу Ч.Диккенс, О.Бальзак, Т.Драйзерлер сыяктуу чагылтуу, дүйнөнүн татаалдыгын жана карама-каршылыктуулугун ачуу аракеттери аз” (105-б.). Ал эми агайды кубандырганы – “поэзияда компартия, Ленин кыйкырыктары, прозада коммунист, парторг жасалма образдары, үгүт-насаат жок болуп, каалаганын эркин жазуу бар” (104-б.).Тыянагында агай адабияттагы негизги темаларды аныктайт. Арноо ырларынын басымдуулук кылганына кейийт.
Алтынчыдан, адабиятчы өзүнүн колуна тийген жана “Нуска” китеп дүкөнүнөн сатып алууга мүмкүн болгон гана китептер жөнүндө сөз кылганын бир нече ирет эскертет. Мындан тышкары китепте жазылгандары “илимий-академиялык же нукура сын мүнөздө эмес, көбүнчө жалпы баамды, учкай пикирлерди чагылткан көңүл саптары – эссе сыягында” экендигин айтат. Мунусу менен агай эссенин дагы жанрлык табиятын ачып берип койгон сыяктуу.
Жетинчиден, Абдыганы агай баарыбыз интернеттин кулу болгон, “цифровизация”, “жасалма интеллект” деген нерсе өкүм сүрүп турган бүгүнкү күндө бул эмгеги аркылуу КИТЕПтин ордун абдан жогору көтөрүптүр. Агайдын жазганынан үзүндү келтирейин: “…байкаганым, өкүнгөнүм – кыргыз акын-жазуучуларын, атүгүл адабиятчы, сынчыларын, башка окумуштууларын, ойчулдарын көп убактардан бери китеп дүкөндөрүнөн көрбөйм, жолуктурбайм. Антпесе алар дүйнөлүк классиканын жана азыркы адабияттын мурда орусчага которулбаган мыкты үлгүлөрүн, чет өлкөлүк жазуучулардын, адистердин адабият, анын ар түрдүү уруулары, жанрлары, аларды кандайча жазуу керектиги жөнүндөгү китептерин окуп, билимдерин жана тажрыйбасын ого бетер өнүктүрүп, өркүндөтүшмөк. Мүмкүн буга интернет же каражаттын жетишсиздиги себеп болуп жаткандыр – ай, ким билет? Мен деле ашынган бай эмесмин, бирок китеп деген китеп да: андан өткөн кандай байлык бар!”
(106-107-бб).
Дагы бир баса белгилей турган нерсе – агай адабиятта ишке аша элек айрым маселелерди белгилептир. Айталы, Москвадагы жазуучу Муса Мураталиевдин эгемендүүлүк жылдарындагы орусча жазылган повесть, романдарынын эне тилге которулбай, окурмандарга жетпей аткандыгы жөнүндө. Көңүлгө алчу нерсе. Кийинкиси – эл аралык, дүйнөлүк деңгээлде таанылыш үчүн чыгармаларды англис, немис, кытай, жапон, корей тилдерине дагы котортуу керек.
Адабияттын күрөө тамырын өзүңүзчөлүк кылдат сезгендер аз. “Бар бол, адабият”… Китебиңиздин аталышы мага батадай туюлду. Кабыл болсун!!
Ырас, “Манас” үчилтиги, ондогон кенже эпостор, акындар поэзиясынын чыгармаларынын мыкты үлгүлөрү баштаган, кийин А.Токомбаев менен К.Тыныстановдор башатында болуп, аз эле он жылдыкта Айтматовду жараткан зор адабиятыбыз бар. Кыргыз маданияты менен адабиятынын өзөгү бекем. Ошентсе да, эгемендик учурдагы адабиятты дагы эле кедеринен кетирбей, мындагы өксүктөрдү байкатпай келген сиздердин муундагы акын-жазуучу, адабиятчы-сынчылардын көркөм чыгармалары менен эмгектери, сиздердин дем, өзүңүздөрдүн караан!! Силер эсен турган үчүн азыр адабият калыбында “былк” этпей турат. Ылайым катарыңыздар суюлбасын!!
Китептин бет ачарында акын Маркабай Ааматов, акын Атантай Акбаров, Өктөм Мамаева ж.б.лар сүйлөшүп, “Кыргыз Туусу” уюштурган бул сыяктуу талкуулар зарылдыгын белгилешти.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”


