Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин 25–26–27-ноябрда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары менен келе турганын Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

«Сапар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен өтөт жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк менен союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болот.

Мамлекеттик визиттин  жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралат. Соода-экономикалык байланышты чыңдоого, инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүгө, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө, ошондой эле чөлкөмдөгү коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулмакчы.

Сапардын жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнө жана соода-экономикалык, каржылык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюулары күтүлүүдө.

Россия Федерациясынын Президентинин алдыдагы мамлекеттик сапары достукка, ишенимге жана өз ара колдоого негизделген кыргыз-орус мамилелерин мындан ары бекемдөөнүн маанилүү баскычы болуп калат», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

Айтмакчы, Бишкекке келе турганын анын басма сөз кызматы же башка булактар эмес, президент Владимир Путин өзү казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен Москвадагы жолугушуу учурунда маалымдаган эле. Мамлекет башчысы биздин өлкөгө визитин өзү жар салып турганы изги көрүнүш. Президент Путиндин бул жолку сапары – мамлекеттик визит. Владимир Путин 2000-жылдан тартып, Кыргызстанга 15 ирет келген. 2019-жылы 28-мартта биринчи ирет мамлекеттик визит менен келген.

Россия биздин өлкө үчүн стратегиялык өнөктөш. Россия да Кыргызстанды дос өлкө, Борбордук Азиядагы стратегиялык өнөктөш мамлекет деп эсептейт. Эки мамлекеттин ортосунда “Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө” Келишим (1992-ж.) жана “Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө” Декларация (2000-ж.) сыяктуу фундаменталдуу документтер бар. Мамлекеттер жана өкмөттөр аралык 170тен ашык келишимдер менен макулдашуулар эки өлкөнүн кызматташтыгынын укуктук-келишимдик негизин түзөт.

Орус лидеринин бул жолку мамлекеттик визити Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун саммитине туш келип отурат. Кыргызстан быйыл Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна ЖККУга төрагалык кылууда. 27-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бир катар иш- чаралары өтөт. Мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин, Коргоо министрлеринин Кеңештеринин жана
Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Комитетинин жыйындары, ошондой эле ЖККУнун сессиясы өтмөкчү. ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин сессиясында мүчө мамлекеттердин коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча бирдиктүү позицияларын чагылдырган Декларация кабыл алынары күтүлүүдө. Андан тышкары, ЖККУнун алдыдагы 2026-2029-жылдардагы Баш катчысынын кандидатурасы да ушул сессияда каралат. Эмдиги жылы ЖККУга төрагалык кылуу кезеги Россияга өткөнү турат. Ошондуктан сессияда Россия төрагалык кылган 2026-жылга приориттер да сессияда жарыяланат. Кыргыз Республикасы ЖККУга төрагалык кылган кездеги приоритеттер негизинен 3 багытты көздөйт.

Тышкы саясатта өз аракеттенүү багыты боюнча эл аралык жана региондук күн тартибиндеги маселелер боюнча биргелешкен билдирүүлөрдү кабыл алуу практикасын улантуу; тышкы саясатта координацияны чыңдоо максатында консультацияларды дайыма жүргүзүү; тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо маселелеринде ЖККУнун ролун бекемдөө.

Ошону менен катар аскерий кызматташтык, экстремизмге, терроризмге жана наркотиктерди мыйзамсыз жүгүртүүгө, маалымат технологиялары чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы аракеттерди күчөтүү, парламенттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө ж.б. маселелер Бишкек төрагалык кылган мезгилдин артыкчылыктуу багыттары болду жана бул аспектиде аракеттер арбын болууда.

Бишкектеги саммитке утурлай ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен жолугушууда иш-чаралардын планы ийгиликтүү жана толук көлөмдө ишке ашырылганын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Уюмдагы төрагалыгын жогору баалай турганын билдирген эле. Имангали Тасмагамбетов Кыргызстандын демилгеси менен биринчи жолу өткөрүлгөн, катышуучу мамлекеттердин заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу жаатындагы жамааттык дараметин чыңдоого олуттуу салым кошкон киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференциянын мааниси өзгөчө болгонун эске салды.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз