whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
17.06.2025
35.5 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыВенгрия Евробиримдиктеги добуш берүү укугунан ажырашы мүмкүн

Венгрия Евробиримдиктеги добуш берүү укугунан ажырашы мүмкүн

27-майда Венгрияны Евробиримдиктеги добуш берүү укугунан ажыратуу маселеси карала турган болду. Бул тууралуу Еврокеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Евробиримдик келишиминин 7-беренесин колдонуу боюнча сегизинчи угуунун өтүшү күтүлүүдө. Аталган берене өлкө уюмдун негизги баалуулуктарына олуттуу коркунуч жаратып жаткан учурда анын добуш берүү укугун убактылуу токтотууга мүмкүндүк берет.

Мындай чара Венгриянын соңку саясий жүрүм-турумуна байланыштуу каралууда. Европа парламенти өлкөнү эркиндикти чектөө, демократиянын негиздерине доо кетирүү жана сот бийлигинин көз карандысыздыгына тоскоол болуу менен Евробиримдиктин мыйзамдарына жана принциптерине каршы чыкты деп сындап келет. LRT телеканалынын маалыматына ылайык, Европарламент буга байланыштуу Венгрияга карата каржылык колдоону да толугу менен токтотууну сунуштаган.

Бул маселе боюнча акыркы чечимди Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн министрлери кабыл алышат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар