whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАдылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпиону менен жолукту

Адылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпиону менен жолукту

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону Злата Аркатова жана анын машыктыруучулары менен жолугушту.

Өкмөт башчы Злата Аркатованы өспүрүмдөр арасында көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионатында булава дисциплинасы боюнча алтын медаль жеңип алуусу-бул тарыхый жеңиш экенин белгилеп, Кыргызстан биринчи жолу гимнастика боюнча дүйнөлүк чемпиондук бийиктикке жеткенин билдирди.

“Жеңишиң менен Кыргызстанды дүйнө жүзүнө даңазаладың.   Кыргызстандын желегин  бийик желбиретип, биздин гимнди дүйнөлүк аренада жаңырттың. Өзүңдүн бийик деңгээлдеги чеберчилигиң,  талантың, эркиң менен кыргыз гимнастикасы дүйнөлүк эң жогорку сыйлыктарга татыктуу экенин далилдедиң”-деди ал.

Жолугушууга гимнастика федерациясынын президенти   Назира Айдарова, машыктыруучулар – Жаныл Каймазарова жана Гульнар Мамыркулова катышты. Адылбек Касымалиев Злата Аркатованын жеңишке жетүүсүнө, анын машыктыруучуларынын жана гимнастика федерациясынын эмгеги зор экенин баса белгиледи.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиону Злата Аркатова жана анын машыктыруучуларына акчалай сыйлык сертификаттарды тапшырды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар