whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыЕвробиримдик Кытай банктарына каршы алгачкы санкцияларды сунуштады

Евробиримдик Кытай банктарына каршы алгачкы санкцияларды сунуштады

Евробиримдик Кытайдын эки банкына каршы санкция киргизүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу The Financial Times басылмасы 11-июнда кабарлады. Маалыматка ылайык, ал банктар Орусия менен тыюу салынган сооданы жүргүзүүгө көмөк көрсөткөн деп айыпталууда.

Атап айтканда, аталган банктар криптовалюта аркылуу Москвага аскердик-өнөр жай максатында колдонулуучу товарларды жеткирүүгө шарт түзгөн деп шектелүүдө. Бул чара Еврокомиссия сунуштаган жаңы санкциялар пакетине киргизилген. Аны күчүнө киргизүү үчүн Евробиримдикке мүчө бардык мамлекеттердин макулдугу зарыл.

Кытай тарап мындай кадамга каршылыгын билдирип, Евробиримдикти кош стандарттарды колдонуп жатат деп сындады. Пекиндин билдирүүсүндө, Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү өздөрү дагы Орусия менен сооданы токтотпой жатканын белгилеген.

Бул чаралар — Евробиримдиктин Украинадагы согуш башталгандан берки санкциялык саясатынын алкагында Кытай мекемелерине багытталган алгачкы кадамы болуп калмакчы.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар