Башкы беткеМаанилүү“Мен өзүмдүн эмгек укугумду билем” республикалык дил баян сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

“Мен өзүмдүн эмгек укугумду билем” республикалык дил баян сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө башчынын атынан 9-11-класстын окуучулары арасында өткөрүлгөн “Мен өзүмдүн эмгек укугумду билем” республикалык дил баян сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Балдардын эмгек укуктарын коргоо темасына арналган сынакты, Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Катчылыгы Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясы менен биргеликте Кыргызстандагы Ф.Эберт фондунун колдоосу менен уюштурган. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 2400дөн ашык мектеп окуучулары катышкан.

Мыкты эмгектер атайын комиссия тарабынан тандалып алынды. Жеңүүчүлөрдү Адылбек Касымалиев өзү куттуктап, аларга президент Садыр Жапаровдун атынан ноутбук, планшет, уюлдук телефон жана электрондук китептерден турган баалуу сыйлыктарды тапшырды.

Салтанаттын катышуучуларына сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев жаштайынан өз укугун билүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул ийгиликтүү келечектин ачкычы экенин айтты.

“Биз балдардын эмгекке жана өзүн-өзү ишке ашырууга болгон каалоосун толугу менен колдойбуз, бирок бул алардын ден соолугуна, билимине жана эс алуусуна зыян келтирбеши маанилүү”, – деди Адылбек Касымалиев.

Адылбек Касымалиев мектеп окуучуларын окууга, китеп окууга жана пайдалуу иштерге убакыт бөлүүгө чакырып, ийгиликтин ачкычы билим экенин белгиледи.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар