Башкы беткеРубрикаларМаданият жана адабиятЭми дунгандар “Манас” окуй алышат

Эми дунгандар “Манас” окуй алышат

Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы болгон «Манас» эпосу жаңы тилде жарык көрдү. Улуу үчилтик — «Манас», «Семетей», «Сейтек» — дунган тилине которулуп, өзүнчө китеп болуп басылып чыкты.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул маанилүү маданий окуяга байланыштуу Кыргыз улуттук Манас театры салтанаттуу бет ачар аземин өткөрөт.

Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоо жана элдер ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөө. Бет ачарда китеп тууралуу кеңири маалымат берилип, коноктор үчүн маданий программа сунушталат.

📍 Иш-чаранын чоо-жайы:

  • Күнү: 20-апрель
  • Башталышы: 11:00
  • Дареги: Самойленко көчөсү, 2/9

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар