Башкы беткеРубрикаларАймактарОрунбеков: Балыкчы шаары бир кыйла өзгөрүп, көркүнө чыгат

Орунбеков: Балыкчы шаары бир кыйла өзгөрүп, көркүнө чыгат

Балыкчы шаары –туризмдин жүрөгү болгон керемет Ысык-Көлдүн босогосу. Мындай пикирин Президенттик администрациянын маалымат саясатынын жетекчиси Дайыр Орунбеков фейсбук баракчасына жазды.
Шаарга кире бериштеги айланма жолдун ортосунда турган желек жаңыртылып, реконструкция болот.
Автобекет да заманбап деңгээлде курулуптур, 200дөн ашык такси, он чакты автобус үчүн чоң токтоочу жай каралган. Унаа токтоочу жайга шлагбаум коюлуп, жүргүнчүлөрдү лицензиясы бар таксилер гана тейлей турган болот.
Шаарды аралап өткөн негизги трассанын боюндагы зым карагайлар алынып, ордуна гүлдөр отургузулуп, веложол менен тротуар салынып жатат. Мындан тышкары Балыкчыда шаардык базар, тейлөө жана көңүл ачуучу жайлардын, парктардын курулушу да жүрүп жатыптыр.
Мына ушул долбоорлордун соңуна чыгуусу менен, Балыкчы шаары бир кыйла өзгөрүп, көркүнө чыгат.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар