whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомИзраиль – Иран кагылышы

Израиль – Иран кагылышы

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Иран-Израиль жаңжалынын курчуп баратканына жана Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, ал жаңжалдар аймактык коопсуздукка жана бүтүндөй эл аралык туруктуулукка терс таасирин тийгизип жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал 21-июнда Ислам кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин “Өзгөрүп жаткан дүйнөдө Ислам кызматташтык уюму” жыйынында айтты. Жээнбек Кулубаев кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн биргелешкен күч-аракетти координациялоо маанилүү экенин, жаңжалды тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

Жыйындын катышуучуларына расмий Бишкек чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн жолу катары диалогду жактай турганын кошумчалады.

Эки өлкө ортосундагы куралдуу жаңжал 13-июнда Израиль Ирандын өзөктүк курал жасоо аракетин алдын алууну көздөгөнүн айтып, сокку урганда тутанган. Ислам жумурияты ага жооп кайтарып, Израиль тарапка ракеталарын ата баштаган. Ошондон бери соккулар тынчыбай келатат. Эки тараптан тең карапайым жарандар арасында жоготуулар бар.

АКШ армиясы ишембиге караган түнү Ирандын үч өзөктүк объектин аткылаган. АКШнын президенди Дональд Трамп кыргын салуучу учактардын Фордо, Натанз жана Исфахан шаарларындагы өзөктүк объекттерге сокку урганын Иранды сүйлөшүү үстөлүнө кайтаруу катары түшүндүргөн.

 

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар