whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
31.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстан АКШдагы мүмкүн болгон миграциялык чектөөлөр боюнча түшүндүрмө сурайт

Кыргызстан АКШдагы мүмкүн болгон миграциялык чектөөлөр боюнча түшүндүрмө сурайт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын кыргызстандык жарандарга карата миграциялык чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн деген маалыматтарга байланыштуу АКШнын элчилигинин консулун чакырды. Бул тууралуу 15-июнда элчиликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, азырынча АКШдан расмий түрдө мындай чектөөлөр тууралуу маалымат түшө элек. Ошондой эле, бул чектөөлөрдү киргизүү мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмеси кандай негизде түзүлүп жатканы Кыргызстан тарап үчүн белгисиз бойдон калууда.

15-июнда The Washington Post басылмасы АКШнын Мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме берип, Кошмо Штаттар миграциялык талаптарды аткарбаган 36 мамлекетке чектөө киргизиши мүмкүн экенин кабарлаган. Бул тизмеге Кыргызстан да киргени айтылган. Катка ылайык, визасынын мөөнөтү өтүп кеткен жарандардын саны көп болгон, документ берүүдө көйгөйлөр жаралган жана башка административдик себептерден улам бул чаралар каралышы мүмкүн.

Маалыматка караганда, 60 күндүн ичинде бул өлкөлөргө жаңы талаптарды аткаруу үчүн убакыт берилет. Кызматтык катка АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун колу коюлган.

Буга чейин АКШ 12 өлкөгө жарандарынын кирүүсүнө тыюу же чектөөлөрдү киргизген. Алардын арасында Түркмөнстан жарым-жартылай чектөөгө алынган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар