whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
20.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыГрузияда айрым оппозициячыл саясатчылар камалды

Грузияда айрым оппозициячыл саясатчылар камалды

Грузияда оппозициячыл «Гирчи» партиясынын төрагасы Зураб Жапаридзе жети айга, «Лело — «Күчтүү Грузия» партиясынын лидерлери Мамука Хазарадзе менен Бадри Жапаридзе сегиз айга эркинен ажыратылды. Алар эки жылга чейин мамлекеттик кызматта иштей алышпайт. 

Маалыматка ылайык, аларга Кылмыш кодексинин 349-беренеси боюнча, парламентте «Грузин кыялы» партиясы түзгөн убактылуу иликтөө комиссиясынын жыйынына баруудан баш тартканы үчүн айып тагылды.

Сот өкүмү чыгарылган учурда Зураб Жапаридзе камакта болчу, Бадри Жапаридзе жана анын партиялашы партиянын кеңсесинде маалымат жыйынын өткөрүп жатканда камакка алынды.

Бадри Жапаридзе камакка алынаар алдында: «Бул иш мага жана Мамукага каршы саясий максатты көздөйт, кысымга алуу аракети. Бийликтин максаты — бизди сындыруу, күрөштөн баш тартууга мажбурлоо. Андай болбойт. Бул комиссия иликтөө органы эмес, бул бир партиялуу жазалоочу машина. Муну бүтүндөй дүйнө билет. Биздин үнүбүздү өчүрүү мүмкүн эмес. Биз мекенибиздин келечегине кыянаттык кылбайбыз», — деди.

Тактай кетсек, 5-февралда «Грузин кыялы» партиясы “Бириккен улуттук кыймыл” партиясы бийликте турган мезгилин изилдөө үчүн тергөө комиссиясын түзгөн.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген «Грузин кыялы» партиясынын өкүлдөрү ээлеп турат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар