Түндүк Корея ядролук мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу күчөтүүдө

Эл аралык атомдук энергия агенттигинин башчысы Рафаэль Гросси Түндүк Корея ядролук курал өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу кеңейтип жатканын билдирди. Анын айтымында, агенттиктин байкоолоруна ылайык, Йонбён аймагындагы реактордун иши кыйла жанданып, өндүрүш көлөмү тездик менен өсүүдө.

Ошондой эле колдонулган өзөктүк отунду кайра иштетүүчү объекттердин жана жеңил суу реакторунун ишмердүүлүгү кеңейип жатканы белгиленди. Мындан тышкары, жаңы объектилер пайдаланууга берилип жатканы маалым болду. Гроссинин билдирүүсүндө, бул өзгөрүүлөр Түндүк Кореянын ядролук курал өндүрүү потенциалы олуттуу жогорулаганын көрсөтөт. Учурда өлкөдө бир нече ондогон өзөктүк дүрмөт болушу мүмкүн экени айтылууда.

Ошондой эле жаңы уран байытуу объектине окшош комплекс курулуп жатканы белгиленип, бул келечекте өндүрүш кубаттуулугун дагы да кеңейтүүгө шарт түзөрү болжолдонууда.

Белгилей кетсек, Түндүк Корея 2006-жылы алгачкы ядролук сыноосун өткөргөндөн бери Бириккен Улуттар Уюму тарабынан санкцияларга алынган. Өлкө 2009-жылдан тарта МАГАТЭ инспекторлорунун кирүүсүнө тыюу салган. Адистердин айтымында, объекттерге түз кирүү мүмкүнчүлүгү болбогондуктан так баа берүү кыйын, бирок спутниктен алынган маалыматтар ядролук программалар кеңейип жатканын тастыктоодо.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз