2025-жылдын 18–22-августунда Россиянын «РЖД-Медицина» клиникалар тармагынан келген алты жогорку квалификациялуу дарыгер Бишкекте Роскызматташтык ишке ашырып жаткан эл аралык «Жакшылык Миссиясы» ыктыярдуу программасынын алкагында иш алып барышат.
Миссиянын расмий ачылышы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Эркин Чечейбаевдин, Роскызматташтыктын, «РЖД-Медицина» тармагынын өкүлдөрүнүн жана саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.
Миссиянын курамына Москва, Красноярск, Самара жана Чита шаарларынан келген адистер кирди. Алардын арасында уролог, жүрөк-кан тамыр хирургу, кардиолог, акушер-гинеколог, нефролог жана травматолог-ортопед бар.
Бир жуманын ичинде адистер кесиптештери жана медициналык ЖОЖдордун студенттери үчүн мастер-класстарды, лекцияларды өткөрүшүп, тегерек үстөлдөргө катышышат, ошондой эле бейтаптарга консультация беришет. Шаардын саламаттык сактоо уюмдарын кеңири камтууну камсыз кылуу үчүн ар бир дарыгер өзүнчө клиникалык базага бекитилген.
Россиялык дарыгерлер Улуттук госпиталь, Жүрөк хирургиясы жана орган трансплантациясы илимий-изилдөө институту, Кыргыз улуттук адам репродукциясынын борбору жана Республикалык ден соолукту чыңдоо борборундагы кесиптештери менен биргеликте иш алып барышат.
Миссиянын алкагында өзгөчө көңүл тажрыйба жана алдыңкы медициналык практикалар менен алмашууга, биргелешкен билим берүү демилгелерин өнүктүрүүгө жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты калыптандырууга бурулат.
«Жакшылык Миссиясы» программасы — бул бейтаптарга консультативдик жардам гана эмес, биздин өлкөлөрдүн адистери ортосундагы маанилүү билим алмашуу. Мындай иш-чаралар келечектеги кызматташтык үчүн бекем негиз түзүп, медицина тармагындагы узак мөөнөттүү долбоорлорго жол ачат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев.
Маалымат үчүн:
Эл аралык «Жакшылык Миссиясы» ыктыярдуу программасы Роскызматташтык жана ДОБРО.РФ ассоциациясы тарабынан 2021-жылдан бери ишке ашырылып келет. Программа гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого жана россиялык адистердин күчү менен жардам көрсөтүүгө багытталган.
2021–2024-жылдары 20дан ашык өлкөдө 35 миссия өткөрүлүп, 10 миңден ашуун адам жардам алган. Кыргызстанга россиялык дарыгерлер буга чейин алты ирет келип, 2025-жылы эки жолу келет.
«РЖД-Медицина» тармагы — Россиянын улуттук саламаттык сактоо системасынын бөлүгү болуп, өлкөнүн 71 регионундагы 360 медициналык уюмду жана илимий-изилдөө институттарын бириктирет.

